Turmush — Айтматов районунун Кара-Суу айылы 1921-жылы түзүлгөн. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү тургундар маалымдады.
Алардын айтымында, айылда суу көп болгондуктан Кара-Суу айылы деп аталып калган.
«Айылдын аталышы айылдын жогорку жагындагы Кара-Суу суусуна барып такалат. Анткени Кара-Суу суусу айылды аралап өтөт. Бул айылда суу көп болгондуктан Кара-Суу айылы деп аталып калган», - дешет айылдыктар.
Айылдын көпчүлүк бөлүгүн суу аралап өткөндүктөн үйлөр текши жайгашкан эмес. Мал кармоого облус боюнча эң ыңгайлуу аймак. Кара-Суу айылы «Маймак» темир жол станциясынан 65 км алыстыкта жайгашып, 2900гө жакын адам жашайт. Айылдын эли негизинен мал чарба жана дыйканчылык менен алектенишет. Айылда орто мектеп, фельдшердик-акушердик пункт, китепкана, мечит, спорттук аянтчалар жана тегирмен бар.