Turmush — Кара-Буура районунун Шекер айылы шекер уруусундагылар көп жашагандыктан элет ошондой аталып калган. Аймактык кабарчы элеттин аталышынын чоо-жайын такташтырды.
Айыл аксакалдарынын айтымында, айылдын Шекер деп аталышын айылдын үстү жагындагы таттуу булакка да байланыштыргандар бар.
Учурда айылда 5700 адам жашайт. Шекерде Күркүрөө маданий үйү, ФАП, сейил бак, стадион жана башка социалдык объекттер бар. Жер аянты көп болгондуктан ар бир жаранга 50 сотых сугат, 50 сотых кайрак жер үлүшкө бөлүнгөн. Айыл аймакта 2 мектеп, 3 бала бакча билим берет. Айылдын түштүгүндө Көк-Сай айылы, түндүгүндө А.Аманбаев айылы жайгашкан. Батышынан Казакстан менен чектешет.
Шекер айылынан таланттуу бир нече инсандар чыккан. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бала чагы дал ушул айылда өткөн жана чыгармаларынын айрымдарында айылда жашап өткөндөрдүн жашоосу чагылдырылган. Мындан тышкары котормочу, киносценарист Ашым Жакыпбеков, актёр, театралдык режиссёр Капар Медетбеков жана башка белгилүү адамдар чыккан.
Айылдын түштүгүндө Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элестери чегилген таштар жайгашкан ачык асман музейи бар. Бул жерге келечекте Ч.Айтматовго арналган коплекс куруу белгиленген. Айылдын түндүгүндө «Гүлсарат» чыгармасындагы башкы каарман Танабайдын ысымындагы алма бак орун алган. Айылдан Күркүрөө суусу агып өтөт.