Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 23.10.2018 12:47

Айыл турмушу: Таластык Ж.Анарбаев чоң атасынын керээзи менен уста болуп, азыр ак калпак, көөкөр комуздарды чабууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кара-Буура айылындагы 54 жаштагы уста Жамбыл Анарбаев 20 миң сомдук кыл кыяк жасап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, устачылык өнөр ага чоң атасы Ашырбайдан өткөн. 30 жылдан комуз чаап, ат жабдыктарын жасап келет.

«Чоң атам чоң уста киши болгон. Ал адам дагы ат жабдыктарын жасап, жасаган буюмдарын туш-туштан келген кардарлар алып кетер эле. Мен дагы жанында жүрүп жардам берчүмүн. Кийин мен аскерге кеттим. Аскерде жүргөнүмдө чоң атам Ашырбай катуу ооруп каза болуп калат. Көз жумарында өзүнө таандык болгон бүт буюмдарын «неберем келсе колуна карматкыла, менин жолумду уласын, ал баладан бир нерсе чыгат» деп керээз айтып кеткен экен. Кийин аскерден келип эле устачылык кылып комуз чаап баштадым. Жасаган комуздарымды Кыргызстандын ар бир өрөөндөрүнөн келип алып турушту. Комуздарымды көтөрүп алып көргөзмөлөргө чыгып жүрдүм. Ал жактан 5 миң сомго сатып жүрдүм. Азыркы учурга чейин көрсөтмөлөргө калбай чыгып турам.

Азыр бир аз өзгөчөлөнтүп комуз жасап жүрөм. Жасаган комуздарым 3 түргө бөлүнөт. Алар ак калпак комуз, көөкөр комузу жана кадимки колдонулуп жүрчү комуз. Ак калпак комузда калпактын саймасы түшүрүлгөн. Ал эми көөкөр комузда көөкөрдүн, кумаранын жана кесенин саймасы камтылган. Булардын баасы да ар кандай. Ак калпак комуз 10 миң сомдон, көөкөр комуз 25 миң сомдон, кадимки комуз 7 миң сомдон сатылат. Ак калпак жана көөкөр комуздардын жумушу бир аз оор. Ак калпак башка комуздарга караганда үндүү болот. Баарын жасап, саймасын түшүрүп жасоо үчүн 1,5 ай убакыт кетет.

Өрүктөн сомдолгон комуздар бекем, сапаттуу, ошол эле учурда кымбат болот. Чаап бүткөн соң көптөр акиташка чайкашат. Мен ал ыкманы колдонбойм. Акиташ комузду күйгүзүп, өтө кызыл кылып коет. Мен сууга кайнатам. Кайнатканда чайыры чыгып, мен күткөн өң келет. Андан соң өзүмдүн темир калемим менен комузга оюм түшүрөм. Балдарым дагы ата жолун жолдоп, кол кабыш кылып, бул өнөрдү үйрөнүп жатышат.

Азыркы учурда өрүктөн кыл кыяк жасап жаткан учурум. Муну деле кадимки кургатылган өрүктөн жасап жатам. 1 метрден ашык өрүктү кесип алып, 1 жылдай суу тийбеген жерде сактадым. Кийин алып чыгып сомдоп, формасын келтирип иштей баштадым. Ал эми үстү эчкинин териси менен жабылган. Жалпысынан 1,5 жыл убакыт кетти десем болот. Азыркы тапта баары даяр, кылын эле тагуу калды. Кыл табылса ойнолуп баштайт. Кылы 70 см болушу керек. Ага жылкылардын узун куйругу же жалы керек болот. Бүтпөй жатып 20 миң сомго сатып алам деп келгендер көп болууда. Мен бирок сатпайм, өзүм үчүн деп жасап жатам», - деди ал.

Уста жубайы Анаркан Шекербекова экөө 4 уул, 1 кыз, 6 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×