Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Жубайлар: Качкынбай ата менен Алтынгүл апа 2 саат сүйлөшүүдөн кийин баш кошууну чечишкен (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы 75 жаштагы жубайлар Ташыбеков Качкынбай ата менен байбичеси Ташыбекова Алтынгүл апа 2 саат сүйлөшүүдөн кийин баш кошууну чечишкен. Алардан аймактык кабарчы кабар алды.

Качкынбай ата: Жубайым экөөбүз досумдун үйлөнүү тоюнда таанышканбыз. Досум үстүбүздөгү Кайнар деген айылдан кыз алды. Жубайым курбусу болуп келиптир. Абдан сулуу экен, бир көрүп жактырып калдым. Азыр жаштар сүйүү деп коюшат го, бизде анда жакшы көрүү болчу (күлүп). Бир жолу таякесинин үйүнө келип жолуктук. 2 сааттай сүйлөшүп отуруп, мен жактыруу сезимдеримди билдирип, үйлөнүү тууралуу сунуш киргизгем. Жубайым экөөбүздүн сезимдерибиз төп келип, үйлөнүү тууралуу чечим чыгардык. 1967-жылы июль айында баш коштук.

Алтынгүл апа: Биздин убакта балдар менен сүйлөшүүгө ата-энебиз уруксат берчү эмес. Жолдошумду тойдо таанып калдым. Андан кийин бир көрүшүп сүйлөшүп эле үйлөнөбүз деп калганбыз. Үйдөн ат менен алып кеткен. Ошондон тарта түшүнүшүп, кеңешип, бактылуу жашадык.

Жолдошум колхоздо тракторист болуп эмгектенип пенсияга чыкты. 1962-жылдан тарта айылдагы элдик театрда ойноп, 70ке жакын роль аткарды. Жолдошум бүгүнкү күнгө чейин театрда роль ойнойт. Убак-саатында жөнөтүп, өзүнө жаккан нерсеге умтулуусун бүгүнкү күнгө чейин колдойм.

Үй-бүлөдө негизги ишеним керек. Аял киши дайыма жолдошуна колдоо көрсөтүп, көп-көп мактап туруусу керек. Кичине катасы болсо жай айтып, жакшы жагын көбүрөөк мисал кылып айтса бат эле оңдоп кетет.

Жубайлар 4 уул, 3 кыз, 21 неберенин ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4025
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×