Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Талас

Айыл турмушу: Шекерлик уста А.Ырысалиев жылына 300 миң сомго чейин киреше табат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 37 жаштагы тургуну Амангелди Ырысалиевди айылдаштары «Универсал уста» деп аташат. Устанын иши менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, устачылык боюнча атайын билим алган эмес. Бул өнөргө кичинесинен эле кызыгат.

«Усталардын жасап жаткан иштерин бир көрүп кайталап жасап эле үйрөнүп кеттим. Бүгүнкү күндө евростилдеги оңдоо иштерин, эмерек жасайм. Жыгач усталык менен алектенип чатыр жабам. Айылдагылар тамашалап «Универсал уста» деп атап алышкан. Айылда жаздан күн суук болгонго чейин тынымсыз жумуш. Буйрутмалар биринин аркасына бири келе берет. Заманбап бир үйдүн жасалгасын көрүп, бирок жасалышын билбесем, үйдө отуруп курулушка керектүү материалдарды таап, акыры ошол нерсени жасап чыгам.

Азыр баары эле дубалга асылган сыналгы алып калышпадыбы. Ал үчүн ыңгайлуу кылып, сыналгыга ылайыктап кыр чыгарып жасап жатам. Жактары 4-7 метр болгон чакан залды жасалгалоого 10-12 күн керектелип, орточо баадагы материалдары менен 80 миң сомдой каражат кетет. Бул жумуштун ар бир майда нерсеси өзүнчө саналат. Ар бир үй-бүлөнүн табитине жараша жасалат. Евростилдеги жасалгалоого 1 жыл күн-түнгө карабай иштеп, орточо 300 миң сомдой каражат табам.

Балдарым кичине чоңоюп, "оюнчук ат алып бер" деп калышты (шар сыяктуу аттар 3-4 жаштагы балдар үчүн). Ушундайды өзүм эле жасап көрөйүн деп, жыгачтан чаап жасап бердим. Буга чейин үй эмеректерин жасаганым менен жыгачты чегип жасаган эмесмин. Атты көргөндөр нарда, шахматка буйрутма бере башташты. Азыр ал буюмдарды аздан жасап баштагандыктан саткан жокмун, көбү белекке кетти», - деди ал.

Уста жубайы Динара Исмаилова экөө 4 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5699
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×