Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Жубайлар: Көчкөнбек ата Уулкыз апага баш кошкондо ат араба менен алып кеткен (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы 79 жаштагы Турдуманбетов Көчкөнбек ата жубайы Наркулова Уулкыз апага баш кошкондо ат араба менен алып кеткен. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Уулкыз апанын айтымында, 1958-жылы турмуш курушкан.

«Мен мектепте 7-класска чейин окугам. Окууну бүткөндө жолдошумдун ата-энеси сөйкө салып кетишкен. Ал учурда салт-санаа менен кызды алып кетчү. 1958-жылы жолдошум экөөбүз баш кошконбуз. Ал мени ат араба менен алып келген. Үйлөнгөн жылы кайындарым баары тоодо кой кайтарчу. Биз дагы жолдошум экөөбүз тоого кой кайтарганы кеттик. Ал учурда бала кыял жаш кез эле. Мал кайтары, ойноп эле жүрчүбүз.

Биринчи уулум Мамышты төрөдүм. Андан кийин эки эгиз кыз төрөдүм. Зуурасы тирүү, Батмасы чарчап калган. Мен колхоздо тамекиде иштеп жүрдүм. Андан кийин Айшакан кызымды төрөдүм. Андан кийин Анарканды, Азимбайды, Айнагүлдү, Шайлообекти, Ашыркүлдү, Айгүлдү Шайырбекти төрөдүм. Ал учурда жаңы төрөлгөн балдардын ысымдарын аксакалдар же кайын атам койчу. Өзүм «Баатыр эне» деген төш белги менен сыйлангам», - деди ал.

Көчкөнбек ата колхоздо бригадир болуп иштеген. Жакшы иштегени үчүн ар кандай сыйлыктарга ээ болгон.

Учурда жубайлар 10 баланын, 45 неберенин, 10 чөбөрөнүн ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 832
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×