Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралык Салтанат апа багбанчылыкты үйрөнүп, жылына 200 миң сомго чейин киреше табууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 57 жаштагы тургуну Салтанат Курманалиева багбанчылыктан жылына 200 миң сомго чейин киреше табат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Манас районунун Покровка айылында чоңойгон. Кесиби боюнча эсепчи. Бир топ жыл почтада иштеген.

«1981-1996-жылдардын аралыгында почтада байланыш бөлүмүндө иштедим. Ал учурда пенсияларды таркатып, почтага келген акчаларды районго жеткирчүбүз. 15 жыл тынымсыз иштегендигимдин натыйжасында көптөгөн грамоталарды алгам. Кийинчерээк СССР таркап, эл аябай кыйналды. Ачкачылык басып, почтада жумуш жакшы жүрбөй калды. 1996-жылы токой чарбада 5-6 аялдан турган топ түзүп иштеп калдык. Көчөттү кантип отургузуп, андан кийин кантип кыйыштырып тазалоо керектигин үйрөндүк.

Эл эмгегин жер жебейт дегендей, 2002-жылы өз алдынча көчөт отургуздук. Жылда аларды кыйыштырып, сугарып жүрдүк. Жолдошум болсо мал түшүрбөй, ичиндеги чөп-чарларын тазалап, дарылап карап жүрдү. Учурда түшүмдү Казакстанга, Россияга атайын буйрутма менен алып кетишет. Орточо эсеп менен жылына 200 миң сомдой киреше табабыз. Токой чарбада 2009-жылга чейин чогуу иштедим. Кийинчерээк пенсияга чыгып кеткениме байланыштуу өзүбүздүн жеке менчигибизди эле иштетип калдым», - деди ал.

Салтанат апа 5 бала, 10 неберенин энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 824
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×