Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 17.01.2018 15:44

Бакыян айыл өкмөтүндө таза суу чыгарылды

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүндө таза суу чыгарылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Нургазы Асылбеков билдирди.

Анын айтымында, 4 миңге жакын калкы бар элет элин суу менен камсыз кылуу иши өткөн жылдары башталган. Айылдын көчөлөрүнө суу түтүктөрү орнотулуп, таза суунун башкы курулмасы жаңы жабдуулар менен камсыздалды.

«Эми таза суу ар бир көчөдө чыгып, элет калкына жакшы шарт түзүлдү», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×