Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралык 18 жаштагы С.Эргешбаев күрөштөн 40 медаль утту (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 18 жаштагы тургуну Султанбек Эргешбаев 6 жылдын ичинде эркин күрөш боюнча 40 медаль утту. Аймактык кабарчы жаш балбандан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда 11-класста окуп жатат.

«Мени ушундай даражага жеткирип өстүргөн Шүгүрбеков Тынчтык агайым. Ал агайым мага эң биринчи тарбияны үйрөттү. Эркин күрөштүн амалдарын толугу менен үйрөтүп, ушул даражага келгенимдин негизи болуп берди. Тынчтык агайымды экинчи атам катары көрөм.

Машыгууда жаш курагыбызга карата топторго бөлүнөбүз. Азыркы учурда саат 18:00дөн 20:30га чейин машыгуу залында болобуз. Машыгуу бүткөндө жуунуп-тазаланып үйгө кетем. Жыл ичинде чоң деңгээлдеги жана чакан турнирлер өтүп турат. Алардын бардыгына калтырбай барууга аракеттенем. Спортто колдоо көрсөткөн ата-энеме, бир туугандарыма жана досторума ыраазымын», - деди ал.

Балбан буга катар эле спорттогу ийгиликтери жөнүндө айтып берди.

«Учурда 40 медалым бар. Талас облусунда болгон республикалык күрөштө 2-орунду ээлегем. Нарында өткөн спартакиадада 3-орунду, Бишкектен дагы 3-орунду жеңдим. Республикалык спартакиадада 3-орунду ээледим», - деди ал.

Балбан жигит үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1747
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×