Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Талас

Айыл турмушу: Шекерлик А.Темирбекова мугалим болуп иштеп, жүздөгөн окуучуларга билим берип келет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 39 жаштагы тургуну Аида Темирбекова 20 жылдан бери мектепте мугалим болуп эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы мугалимден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Суулуу-Маймак айылында чоңойгон.

«Алгач башталгыч класстардын мугалими адистиги боюнча, кийин кыргыз тил жана адабияты мугалими адистиги боюнча билим алдым. Шекерге 1998-жылы келин болуп келгем. Ошол эле жылы мектепте иштей баштадым. Өзүм жаш кезимден эле мугалим болгум келчү. Мектептин администрациясы колдоп, 2012-жылдан баштап мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы кызматында 6 жыл иштедим. Учурда милдетимди башка мугалимге өткөрүп берип, катардагы мугалиммин. Өзүм 3 классты бүтүргөм. Баары өзүмдүн эле балдарымдай. Элестери көз алдымдан кетпейт.

Жолдошум Ренат Чомотоев мени эмгек жолунда колдоп келе жатат», - деди ал.

Мугалим айым 4 баланын апасы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1578
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×