Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралык кампачы Курманбек ата азыр да дыйканчылык менен алектенет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 70 жаштагы тургуну Жуманалиев Курманбек ата 11 жыл элетте кампачы болуп эмгектенген. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жаш кезинде Бишкектеги педагогикалык институтка тапшырып, шартка байланыштуу окуусун уланта албай калган. Андан кийин айылда дүкөнчү болуп бир нече жыл иштеген.

«Дүкөндө иштегенден кийин 1985-жылдан 1996-жылга чейин кампачы болуп эмгектендим. Союз таркагандан кийин кампаны кайра өткөрүп бергем. Ал учурда эгинди чогултуп, алардын эсебин тактап, кайра таратып иштечүмүн. Тоютту кабыл алып, кайра таркатчубуз. Андан кийин айылда дыйкан чарба менен алектенип калдым. Өзүбүздүн жерге эл сыяктуу төө буурчак, жашылча-жемиштерди өстүрүп, түшүмүн алып тиричилик кылабыз. Ар жылкы түшүм ар кандай болот. Бирок үй-бүлөнү бакканга жетет», - деди ал.

Курманбек ата 9 баланы тарбиялап өстүргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 983
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×