Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Таластык Т.Арзыкеева саханага чыгып, ырчы катары таанылууда (фото)

Turmush -  Таластык 19 жаштагы Толгонай Арзыкеева ырчылык өнөрү менен сахнага чыгып, элге тааныла баштады.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылында төрөлгөн.

«16 жашымдан шоу бизнеске аралаша баштадым. Ага чейин музыкалык мектепте скрипка ойноп, ар кандай сынактарга катышып жүрчүмүн. Ошондогу алган грамоталарымдын бардыгын сактап жүрөм. Кийин балдарыма, неберелериме көрсөтөм го деп ойлонуп калам.

Үй-бүлөдө апам ырдайт. Ал кичине кезинде ырчы болсом экен деп кыялданчу экен. Бирок тилекке каршы максатына жетпей калыптыр. Ата-энем кичинекей кезимден бери эле мени колдоп келет. Бишкектеги М.Абдраев атындагы музыкалык мектебине 7 жашымда беришкен», - деди ал.

Ырчы кыз 18 жашында «Кокуй кошуна» тасмасына тартылган. «Despasito» ырынан үзүндү аткарып, интернетке жүктөгөндөн кийин элге бир топ таанылган.

«Эң биринчи жолу 16 жашымда бий жана скрипка черчүү боюнча сынакка Кытайга барган болчумун. Андан кийин Казакстанга, Германияга барып келдим. Түркмөнстанга «Эне-Сай» тобу менен барып келгем. Быйыл Москва шаарына барып, ошол жактан да концерт коюп келдим. Чет жактарга барганда адашып кетип, барчу жеримди таппай кыйналган учурлар болот», - деди ал.

Толгонай үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусу.

Толгонай Арзыкеева - Жеңилбегин

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 664
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×