Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 22.01.2018 14:39 Жаңыланды: 02.04.2018 17:51

Кайын эне: Кара-бууралык Күлүйпа апаны экинчи уулу күтүүсүздөн келин алып келип кубанткан (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 72 жаштагы тургуну Эшалиева Күлүйпа апа 4 келиндин, 1 күйөө баланын кайын энеси. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын кызы. Бакыян айылына 1964 -жылы келин болуп келген.

«Жолдошум Музурманкул Майнашовго турмушка чыгып, үйгө үчүнчү келини болуп бардым. Экөөбүз 4 уул, 1 кыздуу болдук. Биринчи уулум менен келиним 1990-жылы үйлөнүштү. Улуу келиним Замираны ата-энесинин астына түшүп, сүйлөшүп алып келгенбиз. Учурда экөө 6 баланын ата-энеси болушту.

Экинчи уулум менен келиним Нуржамал экөө классташ болушат. Уулумдун достору келип эле балам классташ кызына үйлөнө тургандыгын айтышты. Түшкү ысыкта эс алып жаткан элек, тойго камылга көрүп тыпырап калдык. Ошентип экөө 1992-жылы баш кошту.

Үчүнчү уулум болсо атасына бажа болуп, келинчегин Боо-Терек айылынан алган. Балам келинчеги менен тай энесинин үйүнө барып жүргөндө таанышып калган экен. Келиним Гүлинаны 1996-жылы кир жууп жаткан жерден алып келиптир. Азыр ушул келинимдин колундамын.

Кичүү уулум Чүйдөн үйлөнгөн. Келиним Оксана башка келиндеримден айырмаланып орус чалыш. Экөө 2002-жылы үйлөнүштү. Уулум, келиним, курбусу болуп түнкү автобус менен эле келип калышкан.

Жалгыз кызым Боо-Терек айылына келин болгон. Күйөө балам экөө тай энесинин үйүнө эс алганы барганда таанышып калыптыр. Экөө 1992-жылы баш кошту. Учурда 5 баланы тарбиялап жатышат.

Жолдошум Музурманкул мындан бир нече жыл мурун көз жумган. Учурда балдарымдын баары өз ордуларын таап, балдары менен бактылуу жашап жатышат. Келиндеримди кайын энеликке салып тарбиялаган жокмун. Өздөрү келиндик милдеттерин айттырбай аткарып келишет. Уулдарым, келиндерим, кызым, күйөө балам, неберелерим менен чогулганда көңүлүм ток болуп калат», - деди ал.

Күлүйпа апа 4 уул, 1 кызынан тышкары 23 небере, 3 чөбөрөнүн апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×