Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 22.01.2018 15:14

Айыл турмушу: Кара-бууралык Келдибек волейбол боюнча мелдештерде ийгиликтерди жаратууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 23 жаштагы тургуну Каныбек уулу Келдибек элеттин волейбол боюнча курама командасында ойнойт. Аймактык кабарчы спортчудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, курама командада 18 жашынан бери ойнойт.

«Волейболго 8-классымдан бери кызыгам. Үй жакта кечкисин чоң кишилер волейбол ойночу. Аларга кошулуп ойноп жүрчүбүз. Мектептен ар кандай турнирлерге катышып баштадым. Окууну бүтүп, шаарга барганда «Талас шумкар» командасы түзүлүп, ошол жакта ойноп машыктым. Шартка байланыштуу кайра айылга кайтып келгем. Азыр айылда ойноп жүрөм.

2014-жылы шаарда жүргөндө кесиптик окуу жайлар арасында мелдеш болуп, Таластан жеңүүчү болуп, андан кийин Бишкекте жеңишке ээ болуп, Ысык-Көлгө 10 күнгө эс алууга жолдомо утканбыз. Мелдеш учурунда топ чаап жатып бармагымды чыгарып алып, оору сездирбөөчү дары ичип алып кайра ойногом. Райондор, айылдар арасында өткөн мелдештерде уткан кубоктор сакталуу», - деди ал.

Волейболчу жигит үй-бүлөдө 6 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×