Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 22.01.2018 18:10

Кара-Буура жана Манас райондук сотторунун имараттары оңдолууда

Turmush -  Кара-Буура райондук жана Манас райондук сотунун имараттары капиталдык оңдоодон өтүүдө. Бул тууралуу Талас облустук сотунун катчысы Назгүл Кулушева билдирди.

Анын айтымында, Кара-Буура райондук сотунун имаратын оңдоп-түздөө иштери 70%га аткарылып, аны менен бирге имараттын сыртын жасалгалоо иштери уланууда. Имарат 1968-жылы курулуп, андан бери оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. 2016-жылы Соттор кеңешинин чечими менен оңдоо иштерине каражат бөлүнгөн.

Ал эми, Манас райондук сотунун имаратын оңдоо иштери аяктап, тосмолору жана имараттын короосуна күзөт бөлмө коюлуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×