Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралык Э.Жуманалиева күн сайын мектептеги 380 балага тамак бышырып берет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 37 жаштагы тургуну Элвира Жуманалиева 4 жылдан бери мектепте ашпозчу болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы ашпозчудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, жумасына 5 күн 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга тамак жасашат.

«Эртең менен саат 8:00дө жумушка келип, кечки 17:00 чамасында кетебиз. Окуучуларга күнүнө 2 маал тамак берилет. Азыркы учурда 386 бала тамактанат. Эртең менен 200дөй балага тамак берип, түштөн кийин 186 баланы тамактандырабыз. Тамактарды жасоо үчүн азык-түлүктү бир күн мурда даярдап алабыз. Учурда мектепте 3 ашпозчу иштейбиз. 4 жылдын ичинде мыкты иштегеним үчүн грамоталарга ээ болдум», - деди ал.

Ашпозчу айым 4 кыз, 1 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 584
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×