Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Талас

Жубайлар: Мария апа классташы Асылбек атанын аскерден келишин 2 жыл күтүп турмушка чыккан (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылындагы Алымбекова Мария апа жаш кезинде жолдошу Жуманалиев Асылбек атанын аскердин келишин 2 жыл күтүп, ага турмушка чыккан. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Мария апанын айтымында, жолдошу экөө классташ.

«Бир партада отурчубуз. Ортобузда бири-бирибизге деген сезим пайда болуп калыптыр (күлүп). 1981-жылы баш коштук. Жаңы келин болуп келгенде кайын атамдар Кайнар айылынын этегиндеги сарайда жашашчу. Ошол жерге алып келген. Бир эле мен эмес, менден улуу абысындарымдын баары эле ошол жакка келин болуп келиптир. Ал жер элде сарай деп айтылганы менен бизге ак үйдөй сезилет.

Бир күнү айылда кайын агам, абасыным, мен болуп чай ичип отуруп, абысыным экөөбүз бирөөнү сүйлөшүп жатып атын айтып алдым. Анын ысымы кайын агамдыкына окшош эле. Чочуп кетип туура калып, үйгө качып кирип кеттим. Көпкө уялып жүрдүм. Илгеркилерде ушундай ыйман болгон. Кайын агалардын атын айта алчу эмеспиз. Азыркылардын маңдайына келсең чачын силкип басып кетет. «Кимдин келинисиң?» десе кашкайып туруп эле «баланчанын» деп коюп жүрө беришет», - деди ал.

Мария апа 35 жашынан баштап кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Кээде сеп даярдайм. Учурда деле бирөөлөр «жардам берип кой» десе тигип берем. Учурда 1 жер төшөктү 250 сомдон бааласам, жууркандарды 350 сомдон жасап берем. Кээде баалабай, акысыз да тигип берем», - деди ал.

Жубайлар 7 баланын, 11 неберенин ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1480
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×