Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 23.01.2018 13:13

Айыл турмушу: Бала бакчада Т.Иманкулова жасаган тамакты жеген балдар апаларынын тамагын жебей кыйнашат (фото)

Turmush -  Казакстанда чоңоюп, Кара-Буура районунун Арчагул айылына келин болгон 52 жаштагы Тынаркан Иманкулова өзүн кыргызмын деп эсептейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, Казакстандын Жуалы районундагы Октябрь айылында чоңойгон. 12 жылдан бери айылдагы бала бакчада ашпозчу болуп иштейт.

«Казакстандын жаранымын, бирок өзүм кыргызмын (күлүп). Арчагул айылына 1986-жылы келин болуп келгем. Бир нече жыл бала-чакалуу болуп иштеген жокмун. Кийинчерээк Арчагул айылындагы «Арча бешик» балдар бакчасында ашпозчу болуп эмгектенип калдым. Учурда иштеп жатканыма 12 жылдын жүзү болду.

Жумушта ар кандай окуялар болот. Бир жолу балдарга гречкадан тамак жасап бердик. Тайпадагы балдардын бири «биз мындай жемди жебейбиз» деп тамак жебей, түшүндүрүп жатып, зорго жедиргенбиз. Балдар кээде ишемби, жекшемби күндөрү эс алып, биринчи күнү келишкенде биздин тамактарды аябай сагынып келишет. Үйүнө барганда ата-энелерине «Тынар эжедей тамак бышыра албайсың, сенин тамагың жаман, жебейм» дешет экен. Балдарга дайыма даамдуу тамак жасоого аракет кылабыз», - деди ал.

Ашпозчу айым 5 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×