Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Талас

Эл ичи — өнөр кенчи: Кара-бууралык Д.Дамирова сахнага кадам таштап, ыр жаздырып, клип тарттырды (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылынын 20 жаштагы тургуну Диана Дамирова чыгармачылыкка аралашып, белгилүү ырчы болууга аракет көрүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетинде 4-курста окуп жатат. Чыгармачылыгына ата-энеси колдоо көрсөтөт.

«Бала кезимде эле чоңойгондо ырчы-бийчи болом деп кыялданчумун. 9 жашымда «Айчүрөк» эстрада театрында ыр-бий боюнча тажрыйба топтодум. Андан кийин М.Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайда билим алдым. Кийин «Миң-Кыял» бий тобу менен фестивалдарга чыктым. Жеке чыгармачылыгымда «Жаштык кез» деген ыр жаздырып, клип тарттык. Эң алгач сахнага «21-кылымдын жылдыздары» аттуу концертте Данияр Эрматов менен «Суктанам» чыгармасын дуэт ырдап чыккам. Андан кийин «Ай жезде» деген чыгарманы ырдадым. Кудай буйруса эл сыймыктана турган инсан болсом деген чоң максатым бар», - деди ал.

Ырчы кыз үй-бүлөдө 6 бир туугандын үчүнчүсү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1680
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×