Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралык Үсөн аксакал Украинадан «Баатыр» наамын алып келген (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Арчагул айылынын 60 жаштагы тургуну Үсөн Аубакиров Украинадагы Чернобыль апаатынын баатыры. Аймактык кабарчы баатыр аксакалдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча музыкант.

«1975-жылы 10 классты бүтүп, Фрунзедеги музыкалык педагогикалык окуу жайга тапшырдым. Аны 1,5 жыл окугандан кийин аскерге алып кетишти. Аскерден келгенден кийин окубай калдым. 1980-1982-жылга чейин Шекер орто мектебинде музыка мугалими болуп иштедим. 1988-жылы Чернобыль апаатына катыштым. Ал жакта 6 ай жүрдүм. Эң кыйын деген күндөр өткөн. Ар жерден нечен деген адамдар кайтпай калды. Ал убакта бизди Чернобылга аскердик комиссариат аркылуу жөнөтүшкөн. Чернобылдын баатырыбыз. Ал наамды бизге Украина берген. Кайтып келгенден кийин Көк-Сай орто мектебинде, 1994-1996-жылга чейин Арчагулда клуб башчысы болуп иштедим. Азыркы учурда ардактуу эс алуудамын», - деди ал.

Баатыр аксакал 5 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 681
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×