Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралык М.Жаманкулов ири маяна төлөгөн иштен баш тартып, жаратылышты кайтарууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынын 55 жаштагы тургуну Медетбек Жаманкулов браконьерлер менен күрөшүү максатында өз каражатына атайын жол тосмо жасады. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча инженер-зоолог.

«1990-жылы окуумду аяктаган соң Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда зоотехник болуп 7 жыл иштедим. Айылга келгенде трактор айдап оокат кылдык. 2009-жылдан 2015-жылга чейин айыл чарба жаатындагы долбоорлор менен иштедим. Егер болуп иштегениме 5 айдын гана жүзү болду. Бул жумушка сынак менен өттүм. Учурда 63 миң гектар жер кайтарам, алган айлыгым 4800 сом. Бул жумушка келеримде мага 38 миң сом айлыгы бар долбоор менен иштөөнү сунуш кылышкан. Бирок ал жактан баш тартып, бул жакты тандадым. Кайтарган жерим өзүмдүн айылымдын үстүндө болгондуктан мыйзамсыз, адамгерчиликсиз көрүнүштөргө жүрөгүм ооручу. Мен бул жерди оңдошум керек деген ниет менен ишти тосмо жасоодон баштадым.

Интернеттен тосмолорду издей баштадым. Ал жакта көбү электрлешкен, биздин каражатка дагы ылайыксыз болгондуктан, тосмонун түзүлүшүн өзүм чийдим. Жыйынтыгында 25 миң сомго темир алып, тосмо жасап чыктык. Илинген маалымат баннерлерди дагы өзгөчө кылсак деп, айылдашыма жаныбарларды атуу оюн-зоок эместиги жөнүндө ыр жаздырдык. Негизи бир егерге 3 миңден 7 миң гектарга чейин жер берилет. Мен 21 егерь кайтаруучу жерде жалгызмын. Бейбаштар да болот, унаасы менен сүзүп кетиши да мүмкүн. Ыңгайлуу тосмонун жардамы менен алардын астын тосуп койсо болот», - деди ал.

Медетбек Жаманкулов жубайы экөө 3 кыздын ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3976
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×