Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 26.01.2018 14:19

Айыл турмушу: Кара-бууралык Г. Карадубанаева шурулардан гүлдөрдү жасап сатат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 40 жаштагы тургуну Гүлнар Карадубанаева айым шурулардан (бисер) гүлдөрдү жасап сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенет.

«Кокустан гүл жасаган эжеге жолугуп калып, ошол эжеден үйрөнгөм. Ал мага үстүртөн үйрөтүп жүрдү. Кийин интернеттен көрүп өздөштүрүп кеттим. Үйдө бош отурбайын деп гүлдөрдү токуй баштадым. Алгач жасаган гүлдөрүмдү балдарым эжекелерине майрамдарда берип жүрдү. Атайлап деле саткан жокмун. Жакындарымдын үйүнө барып калсам белек катары алып барам. Азыркы тапта буйрутма алып жасап жатам. Бул майда жумуш болгондуктан кечке чейин ушул нерсе менен алек болушум керек. Балдарымдын тамак-ашын берип коюп, кечкисин бул иш менен отурам. Мага улуу кызым жардам берет. Майрамдарда көп буйрутмалар келет.

Шуруларды 180 сомдон сатып алам. Ар бир кутуда 450 грамм шуру болот. Сары, ак зымдардын бир кутусун 45 сомдон алам. Булар 3-4 гүл жасаганга жетет. Жасалган гүлдөрдү 350 сомдон сатам. Көбүнчө фиалка, роза гүлдөрдү жасайм», - деди ал.

Гүлнар айым 6 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×