Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 26.01.2018 16:28

Айыл турмушу: Согуш убагында көп кыйынчылыктарды көргөн Шааркан апа азыр 48 небере, 70 чөбөрөнүн энеси (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 91 жаштагы тургуну Турусбекова Шааркан апанын жаштыгы согуш жылдарына туш болуп, көп кыйынчылыктарды көргөн. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1943-жылы жолдошу Турусбеков Абдыбек атаны согушка алып кетишкен.

«Согуш жылдарында 15-16 жаш куракта болчумун. Жолдошум мени бир көрүп жактырып, алып келген эле (күлүп). Ал кезде жолдошумдун жүзүн жакшы көрө албай, боз үйгө алып келгенинде акырын боз үйдүн ичинен шыкааласам көзү бакырайган, мурду кырдач сулуу жигит экен. Жолдошум 1943-жылы согушка кетип, ал жактан оң колунун бармагынан ажырап, 1944-жылы кайтып келген. Жолдошум согуштан кийин советтик доордо өкмөттүн ар кандай иштеринди иштеп жүрдү.

Кайын энем аябай жакшы киши болчу. Ал мени өз кызындай карап, мен төрөп келгенден кийин 40 күн өткөнчө төшөктөн тургузбай карачу. Тузу жок нан бышырып, жупка жасап берчү эле. Жолдошум экөөбүз 7 кыз, 5 баланы тарбияладык. Кезеги келгенде 5 баламды үйлөнттүк. Улуу балам Алымбайды үйлөнтүп, андан 4 небере көрдүк. Андан кийинки балам Курманбай учурда КТРКда сүрөтчү болуп иштейт. Андан 2 небере көрдүк. Үчүнчү балам Райымбайды үйлөнтүп, 6 небере көрдүм. Төртүнчү балам Замирден 4 небере көрүп, кичүү балам Бакыттан да 4 небере көрдүм. 6 кызым өз ордуларын таап, үй-бүлө курушкан.

Жолдошум Абдыбек 2006-жылы 24-сентябрда дүйнөдөн өттү. Учурда мен кичүү балам Бакыттын колундамын. Келиним көңүлүмдү карап турат. Кудай буйруп. учурда 12 баламдан 48 небере, 70ке жакын чөбөрө көрүп, бактылуу карылыкта отурган чагым», - деди Шааркан апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×