Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Айыл турмушу: 24 жаштагы кол өнөрчү Айгеримге чет өлкөлүктөр буйрутма менен курак куратышат

Turmush -  Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында төрөлгөн 24 жаштагы Айгерим Бактыярова кол өнөрчүлүк менен алектенип, буйрутма менен курак курайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, көбүнчө буйрутмалар Германия, Америка, Япония, Якутия, Италия, Украния жана Казакстандан келет.

«Кол өнөрчүлүккө болгон кызыгуум бала кезимден эле бар болчу. Үйдө апам кооз төшөктөрдү курап, бизге жана өзүнө көйнөктөрдү тикчү. Үйдөн бул чөйрөгө менин кызыгуум көбүрөөк болду. Дайыма апам курак курап жатканда жардам берчүмүн. Кол өнөрчүлүктү апамдан үйрөндүм. Орто мектепти бүткөндөн кийин да кызыгуум артып, Кыргыз мамлекеттик техникалык окуу жайынын жеңил өнөр жай тармагына бардым. Аны 2016-жылы ийгиликтүү бүтүрдүм. Окуу жайды аяктагандан бери кол өнөрчүлүк менен алекмин.

Учурда кыздардын кийимдерин тигем жана курак курайм. Күнүнө 6 саат иштеп, бул убакыт аралгында эки-үч төшөк жасайм. Ал эми, кийимдерди 2-3 күндө тигип бүтөм. Кийимдерди тигүү убактысы кездемеден жана анын үлгүсүнөн көз каранды. Айлык маянам 15 миң сомдун тегереги. Кардарларыбыз көп жана жумуш дайыма болуп турат. Мындан сырткары, чет жерлерден буйрутмалар келип турат. Чет өлкөлүктөр көбүнчө биздин курак төшөктөргө жана курак менен жасалгаланган дубалга илинүүчү паннолорго кызыгышат. Көбүнчө Германия, Америка, Япония, Якутия, Италия, Украния, Казакстандан буйрутмалар келет. Ал эми, өзүбүздүн өлкөдөгүлөр конок үйгө, ресторан-кафелерге, мейманкаларга буйрутма менен ар кандай төшөктөрдү жасатып алып кетишет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1340
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×