Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 29.01.2018 09:34

Жубайлар: Б.Чолпонкулова турмушка чыккандан кийин кайын журту менен кошо телеберүүгө тартылган (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы жубайлар — 52 жаштагы Бакыт Турусбеков менен 47 жаштагы Бүсара Чолпонкулова баш кошкондо айылга жүк ташуучу унаа менен келишкен. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Өздөрүнүн айтымында, 1989-жылы 13-июнда баш кошушкан. Учурда 4 бала, 3 неберенин ата-энеси.

Бакыт Турусбеков: 1989-жылы «Ак үй» аттуу мечитти жаңыдан тургузуп иштеп жүргөндө жубайым Бүсара менен сүйлөшүп жүрчүмүн. Иштеп баштагандан 3 күн өткөндөн кийин эле үйлөнүп калдым. Жубайымды «ГИА» деген жүк ташуучу унаа менен алып келгем. Учурда 2 уул, 2 кыздын атасымын. Улуу балам үйлөнүп, неберелүү болуп калдым. Акыркы 3 жылдан бери айылдык кеңештин депутаты болуп иштеп жүрөм.

Бүсара Чолпонкулова: Мен Арчагул айылында чоңойгом. Жаңы келин болуп келгенден 1 ай өткөндө «Айыл кечтери» деген берүүгө тартылганбыз. Ал берүүдө айылда болгон жакшы иштер чагылдырылып, кыргыздын салттары көрсөтүлчү. Эртең менен башталып, кечинде бүткөн берүүгө кайын атам, өзүмдүн атам, мен, болуп тартылганбыз. Бирок кайын энем менен өз энем шарттарына байланыштуу тартылбай калып, алардын ордуна башка байбичелер катышкан эле.

Кайын ата, кайын энемди өз ата-энемдей карап, баталарын алдым. Кайын атам 2006-жылы көз жумду. Учурда кайын энем колумда, 91 жашка келип калды.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×