Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 29.01.2018 14:22

Бала тили – бал: Бишкекке турмушка чыккым келет, - 7 жаштагы Айтунук (фото)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз — ата-энеси менен Кара-Буура районунун Шекер айылында жашаган 7 жаштагы Айтунук Боронбаева.

- Айтунук кайсы жакта окуйсуң?

- Т.Айтматов атындагы орто мектепте 1-класста окуйм.

- Мектепте эмне үчүн окутушат?

- Билгиле деп.

- Чоңойгондо ким болгуң келет?

- Дизайнер.

- Эмне үчүн?

- Көп акча табасың.

- Кандай кийимдерди тигесиң?

- Көйнөктөрдү, кышында болсо курткаларды кооздоп тигем.

- Досторуң барбы?

- Бар. Уулжан, Арууке

- Сүйгөнүң барбы?

- Жок.

- Балдар жагабы?

- Жакпайт.

- Жакшы балдар кандай болот?

- Билбейм, жакшы балдарды көргөн эмесмин.

- Сагыныч деген эмне?

- Алыс кетсе сагынат.

- Кимди жакшы көрөсүң?

- Апамды.

- Чет өлкөлөргө чыккың келеби?

- Ооба, бирок ойлоно элекмин.

- Кандай кино жагат?

- «Один дома».

- Кайсыл жакка турмушка чыккың келет?

- Бишкек.

- Эмнеге?

- Аппак болосуң.

- Акча деген эмне?

- Бизди бакчу нерсе.

- Бала кайдан жаралат?

- Ападан.

- Чоңойгондо канча балалуу болгуң келет?

- 1 кыз, 1 балалуу болгум келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×