Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 01.02.2018 18:35 Жаңыланды: 29.10.2018 20:35

Айыл турмушу: Кара-бууралык С.Чолпонбаева 11 жылдан бери бала бакчада жүздөгөн балдарды тарбиялады (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кара-Буура айылынын 42 жаштагы тургуну Сабира Чолпонбаева 11 жылдан бери «Айданек» бала бакчасында тарбиячы болуп иштейт. Аймактык кабарчы тарбиячыдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районунун Бейшеке айылында чоңойгон. 1994-жылы Киров айылына келин болуп келген. Кесиби боюнча бир катар сыйлыктар менен сыйланды.

«2007-жылы жумушка киргенде бала бакча жаңы ачылып жаткан кез болчу. Ал кезде мен жардамчы болуп иштечүмүн. Бала бакчада көп балдар тарбияланчу. Азыр менин тайпамда 35 бала бар. Эртең менен 8:30дан тарта балдарды кабыл алабыз. Андан соң көнүгүүлөрдү жасатып, эртең мененки тамактануу болот. Андан соң 10:00дөн 10:30га чейин сабак өтөбүз. Менин тайпам орто тайпа болгонуна байланыштуу сабакта кептештирүү, айлана-чөйрөнү тааныштыруу, математика, сүрөт тартуу өнөрлөрү үйрөтүлөт. Балдардын жаш курагы 4-5 жаш.

Тайпамда Элхан аттуу бала бар. Эртең менен дайыма биринчи жаңылыкты ошондон угабыз, интернетте эмне жаңылык болсо дагы билет. Казакстандын Ак-Төбө облусунда автобус өрттөнүп адамдар мерт болушту. Мен аны уккан эмесмин, эртең менен балдарды кабыл алганда эле Элхан «эжеке, Ак-Төбөдө бир автобус өрттөнүп кетип, 52 адам каза болуптур, 5 адам аман калыптыр» деп кабар берди. Чынында эле ошондой болуптур.

Бир жолу балдарга «Алтын балык» деген жомокту окуп берип жатып, «силер алтын балыктан эмне сурамак элеңер?» десем, Элхан «мен атам менен апама үйгө ванна менен узун зал сурамак болчумун, өзүмө болсо тээ көчөнүн башынан бир чоң там, анан магазин сурамакмын» деп күлдүргөн», - деди ал.

Тарбиячы айым 2 кыз, 1 уулдун энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×