Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорундагы жолду суу каптады

Turmush -  Талас—Тараз—Суусамыр унаа жолунун Бакай-Ата району менен Кара-Буура району чектешкен тилкесин суу каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда жол тейлөө ишканалары суу каптоону токтотуу иштерин аткарып жатат. 26-январдан 29-январга чейинки катуу сууктан кийин аба ырайы жылыганда карлар ээрип, жолду суу каптап баштаган.

Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын өкүлдөрү айдоочуларга бул тилкеде унааларды кылдаттык менен айдоо керектигин эскертишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 584
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×