Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 03.02.2018 21:00

Айыл турмушу: Кара-бууралык Кадырбек оор атлетика боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону (фото)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын 19 жаштагы тургуну Кадырбек Айтпеков оор атлетика боюнча Кыргызстандын 2 жолку чемпиону болууга жетишти. Аймактык кабарчы балбан жигит менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, атасы Айтпек Окоев СССРдин спорт чебери болгон. Спорт менен 14 жашынан тарта машыгып келет. Учурда колледжде билим алууда.

«Спортто мени үй-бүлөм толук колдоп келет. Көк-Сай айылындагы А.Токтогожоев атындагы мектептин астында спорт мектеби бар болчу. Ошол жердеги залда машыгып жүрдүм. Биринчи медалымды 2011-жылы Токмок шаарынан алгам. 2015-жылы Азия оюндарында 3-орунду алдым. 2015-2016-жылдары Кыргызстандын чемпиону болдум. Япониядан 5-орунду, 2016-жылы Азия оюндарынан, 2017 жылы Непалдагы мелдештен 3-орунду ээледим. Казакстандагы эл аралык турнирден 1-орунду жеңип келгем», - деди ал.

Балбан жигит алдыга койгон пландары менен бөлүштү.

«Буйруса алдыда Азия оюндарына, дүйнөлүк олимпиадага катышууга аракет кылам. 2020-жылдан кийин машыктыруучу болсом деп пландап жатам», - деди ал.

Кадырбек үй-бүлөдө 7 бир тууган. Өзүнөн улуу 6 эжеси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×