Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Талас

Жубайлар: Араке ата менен Райхан апа көчөдөн көрүшкөндөн кийин эле баш кошушкан (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 93 жаштагы тургуну Арстанбеков Араке ата 80 жаштагы Султанмурат кызы Райхан апаны көчөдөн көргөндө эле жактырып баш кошкон. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Өздөрүнүн айтымында, бирге жашап келе жаткандарына 60 жылдын жүзү болду.

Араке ата: 1944-жылы аскерге кетип, 1948-жылы келдим. Өзүм таяталарымдын колунда чоңойгондуктан кеч үй-бүлө курдум. Жубайымды Талас шаарынан көчөдөн эле көрүп калдым. Экөөбүз бири-бирбизге жактык. Ошентип аны 17 жашында ошол жерден эле макулдугу менен алып келгем. Ал убакта ала качууларга кылмыш иш козголо баштаган. Ошол заман азыркыдай заман эмес эле. Жубайым Райхан баарына чыдады. Күндө тамекиде иштеп, кечкисин үйгө келип оокат кылып, жаны тынган жок. Бири-бирибизди сыйлашып, кыйынчылык күндөрдү чогуу баштан өткөрдүк. Экөөбүз 5 кыз, 3 уулдуу болдук. Азыр кудайга шүгүр.

Райхан апа: Экөөбүз барды да, жокту да бирге көрүп, балдарыбызды ушундай даражага жеткирдик. Жолдошум 90 жаштан ашып калса дагы өзүнө тың. Кыйынчылык күндөр артта калды. Жакшынакай заманда балдарыбыздын каштарында көңүлүбүз тынч, төрүндө ысык чайын ичип отурган кезибиз. Чалым экөөбүз небере баламдын жана келинимдин колундабыз.

Жубайлар 8 баласынан 32 небере, 40ка жакын чөбөрөлүү болушкан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1263
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×