Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Талас

Айыл турмушу: Кара-бууралык З.Жакыпова келин болуп келгенден тарта куракчылык менен алектенет (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакыян айылынын тургуну 37 жаштагы тургуну Замира Жакыпова кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, орто мектепти аяктагандан бери куракчылык менен алектенет.

«Мен өзүм Өзгөрүш айылынын кызымын. 2000-жылы Бакыян айылына келин болуп келдим. Апам ууз айым болгон. Келин болуп келгенден бери эле курак куроо менен алектенип келем. Буйрутма айыл тургундарынан көп келет. Кадимки эле кол машинага отуруп тигем. Бала-чакалуу болгондон кийин убактымдын көпчүлүк бөлүгүн үй жумуштарына бөлөм. Курака бош болгон маалда, кечкисин отура салып курай салам. Азыр курактын түрлөрү чыгып кетпедиби, топ курак, күн карама курак жана жылдызча курака көп басым жасап ошолорду курап келем. Кураган жаздыкчаларым жасалышына жараша сатылат. Мисалы күн карама курагын бир жаздыкчасын 300 сомдон сатам. Курак майда жумуш болгондуктан убакытты көп талап кылат. Калган курактарды 250 сомдон сатам. Материал өзүмөн чыгат. Базар баасы менен метрин 220 сомдон сатып алам. Бир жуманын ичинде 8 жаздыкача, олпокторду курап, кардарымдын колуна тапшырып берем. Айыл ичинде 250-300 сом эң арзан баа», - деди ал.

Чебер айым жолдошу Жаныбек мырза менен 3 уул, 1 кызды тарбиялашууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1615
Көп окулду
×