Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Кайын эне: Кара-бууралык Шарипа апа 3 уулуна келин алып, тажрыйбалуу кайын эне болду (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 57 жаштагы тургуну Жуманалиева Шарипа апа 3 келин, 2 күйөө баланын кайын энеси. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Көк-Сай айылына 1979-жылы 1-февралда келин болуп келген. 46 жашында жолдошунан айрылып, балдарын жалгыз бой жеткирген.

«Чоң кызымды 1998-жылы Шекер айылына турмушка бердик. Экинчи кызым өзүбүздүн Көк-Сай айылыбызга турмушка чыгып, мектепте иштеп жатат. Улуу балам Бакыт трактор айдап эмгектенет. Кийинки балам Татыбекти мугалимдикке окутканбыз. Учурда Талас шаарында мугалим. Кичүү балам Бердибекти электриктин окуусунан окутуп, учурда Көк-Сай айылында электрик. Жолдошум Анарбек 2006-жылы 4-мартта каза болду. Учурда кичүү уулум Бердибектин колундамын», - деди ал.

Шарипа апа буга катар эле алгачкы келиндүү болгонун эскерди.

«Улуу балам Бакытты 2005-жылы Бейшекеден үйлөндүрдүк. Ал убакта ыраматылык жолдошум экөөбүз жаш экенбиз. Келиндин көңүлүнө карачубуз. 4 небере көрдүк. Андан кийинки уулум Татыбекти Бакай-Атадан үйлөндүрдүм. Ал уулум үйлөнгөндө кайын иним, абысыным, мен болуп сүйлөшкөн кызына сөйкө салып келгенбиз. Экөө тең Таласта мугалим болгондуктан үйдө 10 күндөй жүрүп, жумуштарына кайтып кетишти. Учурда Таласта жашайт. Алардан 1 неберем бар. Эң кенже балам Бердибекти Бишкектен үйлөндүрдүм. Кичүү келинимди салт менен алып келгенбиз. Жол жүрүп келе жатып ашуудан аша бергенде унаабыз бузулуп, жолдо бир нече саат туруп, түндө келген элек (күлүп). Бердибегимден 1 неберем бар.

Келиндерим баарысы жакшы. Эң биринчи келиним Нуржамалды алганда «опыт» жок, келинге катуу айтып аламбы дечүмүн. Бирок өз билгендеримди үйрөтүп, билбегендерин оңдоп турчумун. Экинчи келиним Нурзат дагы ишке тың болду. Айылдын жумушу оордугуна карабай, балам экөө жылда жайында, күзүндө келип, төө буурчак, жүгөрүлөрдү жыйнап жардам берип кетишет. Эң кенже келиним Айперинин колунан көп нерсе келет. Өзүмдүн колумдагы келиним болгондуктан балам экөө мага бир тууган балдарымдай (күлүп). Келинимдин колу уста, үйдөн таттуулар үзүлбөйт. Конок келсе да, той берсек да баардыгы ушул келиндеримдин аркасында бүтөт», - деди ал.

Шарипа апа уул-кыздарынан жалпы 16 небере көргөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 585
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×