Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-февраль
Талас

Бейшеке айылындагы мектептин жылытуу системасы алмаштырылууда

Turmush -  Кара-Буура районунун Бейшеке айылындагы Т.Айтмамбетов атындагы орто мектебинин жылытуу системасы алмаштырылууда. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жетекчиси Бакыт Умарбеков билдирди.

Анын айтымында, мектеп 1973-жылы 380 орунга ылайыкташтырылып курулган. Мектеп курулгандан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Жылытуу системасы начар иштегендиктен имараттын жылуулугу талапка жооп берчү эмес. Кыш мезгилинде мектепти жылытуу чоң кыйынчылыкты жаратып келген. Окуу класстарынын суук болгондугуна байланыштуу сабактар үзгүлтүккө учурап калчу. Жергиликтүү бийлик менен айыл тургундары мектепти жылытуу көйгөйүн өз күчтөрү менен чече албагандыктан АРИСтин «Айылдарды инвестициялоо-3» долбооруна катышып, чакан гранттык колдоого ээ болушкан. Учурда мектептин жылытуу системасын толугу менен жаңы электр конвекторлорго алмаштыруу жумушу жургүзүлүп жатат.

Чакан долбоордун жалпы наркы 1 млн 41 миң 579 сомду түзөт. Анын ичинен 991 миң 579 сом АРИСтен, 50 миң сому Бейшеке айыл өкмөтүнөн каржыланып жатат. Мектепте 388 окуучу билим алып, 30 мугалим иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 475
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×