Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Талас

Жубайлар: Мундуз ата аскерден келип, атасы айткан кошунанын кызына баш кошкон (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылындагы жубайлар Акылбеков Мундуз аскерден келген соң атасы айткан кошунанын кызына баш кошкон. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Аксакалдын айтымында, жубайы Акылбекова Оңолбү апа экөө 1977-жылы үйлөнүшкөн.

Оңолбү апа: 1976-жылы мектепти бүттүм. Андан соң бир тууган акем мени окусун деп окууга шаарга жөнөттү. Ошол учурда апам бир аз ооруп калган эле, мен да окугум келген жокпу, айтор айылга келүүнү каалап келип калгам. Кайын атам үйүн оңдоп жатканда менин келип калганымды көрүп, агама окууга кайра барбайм деп жатканымды угуп калыптыр. Ошол учурда алар мени келин кылып алууну ойлошуптур. Кайын атам мага география сабагынан сабак берчү. Жолдошум ал убакта аскерден жаңы келиптир. Мага турмушка чыгууну сунуштады. Ата-энемдер да макул болушту. Үйдө мен жалгыз кыз болчумун, баарына эркелей берчүмүн. Турмушка чыгууну да ойлобоптурмун. Кайын энем мени өз кызындай кабыл алып, баарын үйрөттү. 17 жыл кайын атам жана кайын энемдин колунда турдук. 4 уул, 3 кызды тарбиялап өстүрдүк. Азыркы учурда 21 неберелүү болдук.

Мундуз ата: Жубайым экөөбүз бир айылда, жакын коңшу болуп жашачубуз. Бизден 2 үйдөн кийин жашачу. Жубайымды сырттан көрүп жүрчүмүн. Атам жубайымдын бышык мүнөзүн көрүп, балам жоош эле деп ага үйлөнүүмдү сунуштады. Жубайым экөөбүздүн апаларыбыз бөлө экен. Ата-энелерибиз үйлөнүүбүзгө макул болуп, 1977-жылы баш коштук. Жубайыма дайыма колдоо көрсөтүп, балдарыма жакшы тарбия берүүгө умтулдум. Азыркы учурда 63 жаштамын. Неберелеримдин, балдарымдын жанында бактылуу атасы болуп отурам.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1419
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×