Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.02.2018 17:24

Түгөйлөш: Кара-бууралык Берметти көпчүлүк тааныштары Ананди деп аташат (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Шекер айылынын 17 жаштагы тургуну Бермет Жаңыбаеваны тааныштары Индиянын «Келин» тасмасындагы актриса Авика Горго окшоштуруп, Ананди деп чакырышат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда 11-класста окуйт.

«Мени көпчүлүк адамдар индиялык тасмадагы Анандиге окшоштурушат. Көбүнчө менин күлкүмдүн окшош экендигин айтышат (күлүп). Өзүмдү күзгүдөн карап, «эмнемди окшоштурушат?» деп таң калам. Башка көзгө ошондой көрүнөт окшойт. Бирок өзүмдү көп окшоштура бербейм. Анандини сыналгыдан көрүп калам.

Сынактарга барып, өнөрүмдү көргөзгөндө калыстар тобу менен көрөрмандардын «индиянын кыздарына окшош го» деген сөздөрүн угуп калам. Волейбол ойноп башка айылдарга мелдештерге барганда ал жактагылар да өзүмдүн атымды билишпей, "Ананди" деп айткандарын угуп калам. Тааныштарым менин телефон номурумду да Ананди деп сактап алышыптыр. Жада калса кошуналарым да ошентип айтып жүрүшкөн учурлар болгон. Алдыда республикалык тестирлөөдөн жакшы упай алып, жогорку окуу жайдан билим алгым келет», - деди ал.

Бермет үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×