Бөлүмдөр
Шаршемби, 23-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 22.10.2018 17:11 Жаңыланды: 07.08.2019 20:20

Айыл турмушу: Кара-бууралык Н.Анарбаевдин үй-бүлөсү үчүн жасаган жабдыгы азыр 1,5 тонна шире чыгарууда (фото)

Turmush -  Кара-Буура районунун Бакайыр айылынын 32 жаштагы тургуну Нурсейит Анарбаев 5 жылдан бери айыл ичинде алмадан шире чыгарып ишкерлик кылууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, шире сыгуучу жабдыкты атасы жасаган. Үй-бүлө үчүн эле жасалган жабдык учурда бүтүндөй айылдаштарга кызмат кылып жатат.

«Атам Анарбай колунан көөрү төгүлгөн темир уста. Элге керектүү буюмдардын баарын жасайт. Мен атамдын жардамчысымын. Өзүм дыйканчылык менен алектенип, 1 гектардан ашуун жерде алма багыбыз бар. Жыл сайын сатылгандан калган алмалар тепселенип эле калчу. Атам мындан 5 жыл мурун алманын ширесин чыгаруучу жабдык жасады. Айыл ичинде мындай жабдык жок болгондуктан башкалар алмаларын Шекер айылына алып барып сыктырып келишчү. Муну өзүбүз үчүн деп эле жасаганбыз. Башында коңшулар, туугандар келип алмаларын сыктырып кетишчү. Биринен бири угуп эле, көптөр келе башташты. Мындай жабдык айыл ичинде бирөө гана. Азыр бир гана айыл тургундары эмес Кара-Буура, Манас райондорунан да келишет.

1 күндө 4-5 кап алма сыгылат. Ар бир кабы 100 сомдон эсептелинет. 1 кап алманы 25 мүнөт ичинде бүтүрөм. 1 каптан болбой калды дегенде 30 литр шире чыгат. Бир сезондо 1,5 тонна шире чыгарам. Жумуш өтө деле кыйын эмес. Кээ бир учурларда түндөп иштеп калган учурлар да болот. Ал убакта атам жардамга келет. Алманын ширесине 2 ай убактымды бөлөм. 2 ай тынбай келип шире сыктырып кеткендер көп болот. Бир сезондо таза киреше 20 миң сом болот. Өзүбүзгө деп жасаган жабдык элге кызмат кылып келет. Бул мен үчүн сыймык. Айыл ичиндеги жаш балдар мени «алма сыккыч байке» деп тааныйт», - деди ал.

Нурсейит мырза 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×