Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 26.03.2019 13:37 Жаңыланды: 18.06.2019 19:03

Айыл турмушу: Кара-бууралык А.Турдумамбетов айылдагы үйлөрдүн шыптарын заманбап кылып оңдойт (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 36 жаштагы тургуну Азимкул Турдумамбетов үйлөрдүн шыптарын заманбап стилде оңдойт. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда көпчүлүк үйлөрүнүн шыбын атайын желимден жасатып жатат. Булар конок тосуучу бөлмөдөн башка дааратканага, жуунучу бөлмөлөргө ылайыктуу. Анткени суу өткөрбөйт.

«Бишкекте бажам иштечү. Айылдан буйрутма чыгып, ошол жакта экөөлөп иштеп калып кызыгып кеттим. Анын үстүнө эл үйлөрдү жаңылоону көздөп калышпадыбы. Бул жумуштун оорчулугу жокко эсе. Болгону айылда көп билбей жатышат. Кандай болот, өңү өчүп кетет, жыты чыгып кетет деп чоочулашат. Биздин климаттык шартка туура келет. Кардарга арзан болот жана бат бүтөт.

Менде каталогдор бар, кардар ошол жерден карап көрүп, сүрөтүн жана өңдөрдү тандашат. Биз ошол боюнча Бишкектен керектүү каражаттарды алдырабыз. Көбүнчө райондордон, алыскы айылдардан буйрутмалар келет. Булар калың жана жука деп экиге бөлүнөт жана өңдөрү боюнча айырмаланат. Негизи өзү кичинекей материал болот. Ал газ менен ысытылып коюлат. Мында жардамдашып 1-2 киши иштебесе болбойт.

Акыркы жолу Бакайыр айылынан 5 бөлмөлүү үйдү жасадык. Кызмат акы квадратына 300 сомдон өйдө эсептелет. Ошондо 1 бөлмөгө 5000 сомдой жумшалат. Бирок материалы ичинде болот. Бул бычакка окшогон буюм менен кесип жибербесе эле тешилбейт, кол менен дагы айрылбайт. Район-шаарларда суроо-талап чоң. Айыл ичинде жай болуп жатат. Ал эми кардарлардын жакшы сөздөрүн гана угуп келебиз. Сүрөттөрдөн кыргыз желек, оймолорун көрүп буйрутма беришет.

Үйдүн ичине кооздукка чаптай турган таштарды жасап жатам. Ал гипстен жасалат жана жеңил болот. 3 түр менен жасалат. 1 квадратын 600 сомдон куюп, орнотуп беребиз. Эгер өздөрү орнотушса 500 сомдон болот. Көбүнчө интернет булагына таянып элге дагы сунуштарды айтабыз, таштарды орнотобуз. Алдыда суроо-талап көбөйүп, өнүгүүнүн үстүндө болсок дейм. Жакында таштаман дагы куюуну көздөп, калыптарды даярдап жатабыз», - деди ал.

Уста мырза 2 уул, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×