Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 03.04.2019 14:11 Жаңыланды: 04.10.2019 15:00

Айыл турмушу: Кара-бууралык тарбиячы Ш.Таштанбекова ондогон балдар үчүн экинчи апа (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылынын 39 жаштагы тургуну Шарипа Таштанбекова 2016-жылдан бери бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

«Бала бакчада иштеген түйшүктүү жана кызыктуу дагы. Тайпамда 25 бала тарбияланат. Алгач жумушка киргенде чоң тайпаны алгам. Ал тайпаны бүтүрүп, 1-июнда коштошуу кечесин өткөрдүк. Кайра кенже тайпаны алдым. Былтыртан баштап бул жаатта өзгөрүү киргизилди. Жыл аяктаганда орто тайпага кетем. Ошентип баштан аяк ошол балдар менен иштешип, аларды узатам.

Мектепте окуп жүргөндө эле мугалим болууну кыялданчумун. Балдарга сабак берип, билгенимдин үйрөткөндү аябай жакшы көрөм. Кыргыз тили жана адабият сабагын жакшы окугам. Ошол сабактан мугалим болом деп жогорку окуу жайдан билим алып баштап, бирок бүтпөй калгам. Кийин тарбиячы болуп кесибимди алмаштырып, окуумду бүткөм. Балдар менен иштешкен оор болсо дагы жакшы жагын көрүүгө болот. Өзүмдүн 6 балам бар. Баланын түйшүктүү иши дээрлик белгилүү десем болот. Алардын мүнөздөрү, сезимдери таптаза, калп айтышпайт. Айрым учурда кырдаалга карата айтып коюшу мүмкүн. Мисалы эртең менен тургулары келбей же ушул сыяктуу жагдайларда. Үйүндө кандай жагдай болсо дагы айтып келишет. Аны чоң адамдар катары сыр бойдон сактайбыз.

Алгач коркуткан, анан күлкү жарата турган учурлар көп болот (күлүп). Балдар эки башка байпак кийип же кийимдерин тескери кийип келип калган учурлар болот. Бир жолу бир кызыбыздын байпагынын түгөйлөрүн таппайбыз. Балдар дароо эле ыйлашат да. Далбастап издеп, төшөктөрдү сапыра карасак да жок. Анан бутун текшерип көрсөм 2 байпагын тең бир бутуна кийип алган экен. Көпчүлүк учурда кийимдерин тааныйм. Тайпамда эгиз кыздар бар. Сүрөттөрдү мыкты боёшот. Бул куракка талап күчтүү болбосо дагы фигура, өңдөрдү, сандарды үйрөтөбүз. Көбүнчө ыр-бийге басым жасайбыз. Кенже тайпа болгондон кийин тили келбеген балдар бар. Айрым балдар сөздөрдү «к» тамгасы менен сүйлөшөт. Ырдап жатканда ырды «к» менен айтып берсе, эшикке чыгып күлүп келген учурлар болот. Көзүнчө күлүүгө болбойт (күлүп). Экинчи жолу айтпай коюшат.

Кыздарда аялзаттык сезим болот экен. Ойноп калганда чыптамаларын чечип алып бала жасап, апасы-кызы боло калышат. Үйдө улуулар кандай сүйлөшсө, ошону туурашат. Ошондуктан балдардын көзүнчө туура жүрүм-турумда болуп, туура сүйлөшсөк экенбиз деп калам. «Бүгүн менин чоң атамдын туулган күнү болчу, эмне алып барам?» деген балдар болот. Анда өз колдору менен сүрөт тарттырам. Ошондой белектерди алып барышат. Атайын иштелип чыккан план болбосо дагы, бакчадагы мыкты педагогдор тарабынан даярдалган планга карап иштеп, теманы майдалап түшүндүрүп беребиз.

3 жашка чейин ар кандай тарбияда болуп, бул жакка келгенде араң көндүрүп аралаштырган балдар бар. Кээде ата-эне менен тил табыша албай калган учур болот. Себеби балдарды ыйлатып алып келип ташташат. Ал бала эмне үчүн ыйлап жатканын түшүнө алышпайт. «Бакчадан качып баргысы келбей жатат» деген бир калыптагы түшүнүк орун алып калган. Таштап кеткенден кийин балага жеке мамиле жасоо менен педагогикалык иш аркылуу сураганда, оюндагы кийимди кийгизбей койгон болот же эртең менен чапкылап, ыйлатып алып келишкенин айтышат. Бардык учурда чоң адамга сүйлөгөндөй баарлашып, балага туура, жоопкерчиликтүү мамиле жасап үйрөтүү керек», - деди ал.

Тарбиячы айым 2 кыз, 4 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×