Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 26.04.2019 17:10 Жаңыланды: 18.06.2019 20:40 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык чебер Н.Рыскулова саймалуу кийимдерди тигип сатууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Суулуу-Маймак айылынын 38 жаштагы тургуну Назира Рыскулова айым 7 жылдан бери чеберчилик менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын кызы. Суулуу-Маймак айылына 2010-жылы келин болуп келген. Чеберчиликке болгон шык апасынан өткөн.

«Үй-бүлөбүз менен кол өнөрчүлүккө жакынбыз. Атам уста, апам тикмечи, бир туугандарым уста. Үйдүн жалгыз кызы болгондуктан апамдын кол өнөрчүлүгүн уланттым десем болот. Анткени менин өзүмдө кызыгуу бар болчу. Сайма сайганды жакшы көрчүмүн. Аракетим менен үйрөнүп, өздөштүрүп кеттим. Сайма сайганды Бишкек шаарында иштеп жүргөндө жакшылап үйрөнүп келгем. Ошол убакта сайма сайылган кийимдер жакшы чыгып жаткан эле. Мен дагы саймалуу көйнөк кийгим келип, сайма сайдыруучу жерге баргам. Бирок бири дагы бош эмес экен. Аракет кылсам өзүм деле үйрөнүп кетем деп, акырындык менен үйрөнүп баштадым. Акча чогултуп жүрүп сайма сая турган машинаны 30 миң сомго сатып алдым. Башында балдарымдын, жакындарымдын кийимдерине сайма сайып жаттым. Алардан тууган-урук, коңшулар көрүп эле буйрутма бере баштады. Ошентип жүрүп буйрутма алып, үйдөн иштей баштадым. Азыр 30 миң сомго алган сайма машинам менен киреше таап жатам.

Учурда айыл тургундарына, мектеп окуучуларына улуттук күрмөлөрдү тигем. Баалары 200 сомдон 3 миң сомго чейин бааланып сатылат. Кездемени өзүм алып келем. Эгер «өзүңөр алып келгиле» десем, «кандай кездеме алам?» деп билишпейт. Колум көнүп калгандан кийин бир күрмөнү бат эле тигип коем. Мен бир гана кийим тигүү менен отурбайм. Айыл ичинде жумуш бүтпөйт. Эртеден кечке жумуштар менен болобуз. Бош убакытта жана көбүнчө кечкисин отуруп тигем. Бир кийимди толук отурсам 1 күндө тигип бүтүрөм. Азыр айыл тургундары көбүнчө шырылмалуу күрмөлөрдү кийип жатат. Кичинекейинен чоңуна чейин тиктирип кийишет. Мындай кийимдер модадан дагы калбайт», - деди ал.

Назира айым 1 кыз, 3 уулдун апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×