Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 04.06.2019 18:28 На русском

Таласта кош бойлуу келин эс-учун жоготуп, жандандыруу бөлүмүндө каза болду

Turmush -  Талас облусунда кош бойлуу келин каза болду. Бул маалыматты Кара-Буура райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан тастыкташты.

Маалым болгондой, 1991-жылы туулган А.А. кош бойлуулуктун 33-жумасына чейин Бишкек шаарында каттоодо турган. 27-апрелден баштап райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда каттоого алынган. 3-июнда план боюнча дарыгерлерге кайрылган болчу. Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы медайымдын коштоосу менен анализдерин тапшырып, УЗИге түшкөн.

Андан кийин үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кире беришинде эс-учун жоготуп жыгылган. Дарыгерлер аны кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирип, бирок натыйжа болгон эмес.

Маркум биринчи баласын күтүп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×