Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 07.06.2019 12:06

Кара-Буурадагы Шүкүрбеков атындагы мектептин ашпозчулары атайын окуудан өтүшкөн

Turmush -  Р.Шүкүрбеков атындагы мектеп Талас облусунун Кара-Буура районунун Маймак айыл аймагында жайгашкан. Бул мектепке Япония ассоциациясы тарабынан 3 700 долларга жыйырмадан ашык жабдуулар берилген. Мисалы, суу кайнаткычтар, нан бышыргычтар, электр плиталары жана башкалар.

БУУнун «Дүйнөлүк азык-түлүк» программасынын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүнкү күндө башталгыч класстын окуучуларына сүткө жасалган ботко, шорпо, айран жана башка суусундуктар жумасына беш жолу берилет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектептин ашканасын жана инфраструктурасын оңдоого 4 900 доллар бөлүп берген. Ал эми ашпозчулар сапаттуу азыктарды колдонуп, аш болумдуу тамак бышыруунун жолдорун окуп үйрөнүшкөн. Мектептин жетекчилиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү да мектеп тамагын башкаруу боюнча тренингдерге катышты.

Ата-энелер жана мугалимдер бирикмеси өз ыктыяры менен мамлекеттик каражатты толуктоо үчүн айына 250 сом салым кошушат (азык-түлүк үчүн). Бул салым мектептеги тамак-аштын тизмесинин ар тараптуулугун жана тамактануунун туруктуулугун камсыз кылууну колдойт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×