Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.06.2019 13:02 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык тракторчу Б.Жуманалиев устачылык кесипти да аркалап келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 37 жаштагы тургуну Бакыт Жуманалиев 20 жылдан бери трактор айдап, элге кызмат кылууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, сезон учурунда 500 миң сомдой киреше тапса болот.

«Өзүм техникага бала кезимден кызыкчумун. Үйдөн атам техникаларды оңдоп калса кызыгып жүрүп үйрөнүп алган элем. Ал эми 9-классымдан баштап өз алдымча трактор айдап баштагам. Техниканы өз алдымча оңдойм. Жер иштетүүгө, дыйкан чарбага керектүү шаймандардын материалдарын базардан алдырып, комбайн, соко, дары сепкич жана башка керектүү буюмдарды жасай берем. Буйрутма алып деле иштетпейм. Эгер элден комбайнга же дагы бир башка буюмга буйрутма болсо жасап берип коём.

Жасоо убактысы ар кандай болот. Эгер керектүү материалдар даяр болсо 1 жуманын ичинде жасап бүтүрүп коём. Ал эми өз шаймандарымды оңдоп, жасап иштеткенде өз чыгымдарын актап коёт. Алардан тапкан кирешенин жартысы чыгымга кетсе, жартысы өзүбүзгө жумшалат. Учурда Көк-Сай айыл өкмөтүнүн тракторун айдап иштеп жатам. Өткөн жылы райондон айыл чарбадагы иштер үчүн 17 ардак грамота менен сыйландым», - деди ал.

Уста-тракторчу 3 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×