Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.06.2019 14:03 На русском

Айыл турмушу: Кара-бууралык Т.Абдыбекова дүкөндө иштеп, кол өнөрчүлүк менен да алектенүүдө (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Аманбаев айылынын 44 жаштагы тургуну Тахмина Абдыбекова кийимдерди токуп сатып жатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ушул эле айылда чоңойгон. Кийин айылдашына турмушка чыккан. Кесиби боюнча ашпозчу.

«3 жылдан бери дүкөндө иштеп, анда айыл элине жана тиричиликке керектүү буюм-тайымдарды сатам. Кечке чейин дүкөндө отура бербей деп кийим токуп калдым. Алгач абысынымдан илмек ийне менен токуганды үйрөнгөм. Башында ар кимдин токугандарын көрүп кызыга берчүмүн. Илмек ийне менен айымдарга беретка, чокой, жоолуктарды токуйм. Жиптерин өзүм Бишкектен сатып алып келем. Себеби жиптин сапаттуулугун билем. Ошого жараша бекеминен өңдөштүрүп тандап алам. Ошентип эмгек кылып кошумча киреше табам. Кышкы учурга бутка жылуу байпактарды токуп коём. Мугалимдер жоолуктарга жана береткаларга көп буйрутма беришет. Алар каалагандай кылып токуп берем. Себеби сатып алууда өңү жакса, өлчөмү туура болбой калат же кооздуктарды кошуп токууну суранып калышат. Белекке дагы токуп берем (күлүп).

Үстөлдөргө жабууларды токутууга дагы көптөр кызыгат. Алардын дагы буйрутмаларын тез арада аткарып берем. Ар бир буюмду кооздоп, ар түрдүүчө формага салып токугандан ырахат алам. Жоолуктарды 1500 сомдон токуп берем. Анткени сапаттуу жиптен даярдалат. Алар кымбат турат. Кытай жибин такыр албайм, анын өңү өчөт. Иран жиптерин алам, алар түлөбөйт, өңү өчпөйт. Андан токулган буюм дагы көп жылга колдонулат. Жиптин 1 түрмөгүн 100 сомдон өйдө сатып алам.

Окуучу кыздар көп кайрылышат, «үйрөтүңүзчү же ийрим ачыңызчы» деп келишет. Ийрим уюштурганга мүмкүнчүлүгүм жок. Бирок суранып келген кыздарга жок дебестен токуу ыкмаларын үйрөтөм. Жакында эле улуу эжелер дагы жанымда отуруп үйрөнүп кетишти. Эмгегимди баалагандарга ыраазымын», - деди ал.

Тахмина айым 2 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×