Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 18.06.2019 10:01

Жеңеке: Аида жеңе келин болгондон 4 жылдан кийин төрөгөндө кайын атасы токтоно албай ыйлаган (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 34 жаштагы тургуну Калмамбетова Аида жеңе тун наристесин төрөгөндө кайын атасы ыйлаганын унутпайт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ушул эле айылда чоңойгон. 38 жаштагы жолдошу Медер Усубалиев учурда айыл өкмөт башчысы болуп иштеп жатат.

«2003-жылы ноябрь айында турмушка чыктым. Жолдошум Медер менен бала кезден эле тааныш болчубуз. Тууганчылык жайыбыз дагы бар эле. Бирок менин өмүрлүк жолдошум болот деп 3 уктасам түшүмө кирген эмес. Анын ата-энеси мен кичинекей чагымдан «сени балабызга алып беребиз, өзүбүзгө келин кылып алабыз» деп көп айтышчу. Бирок мен аны олуттуу деле кабыл алчу эмесмин. Башында байке-карындаш катары көрүшкөн жерден учурашып жүрдүк. Бир мектепте билим алганбыз. Бири-бирибизди жакшы таанычубуз. Кийин 11-класста окуп жаткан кезде мамилебиз жакшы боло баштады. Алгач дос болдук. Кийин достугубуз сезимге айланды. Бири-бирибизге болгон сезимибиз күчөп, баш кошууну туура көрдүк. Өз каалоом менен Медердин колун кармадым. Жолдошум үйдүн жалгыз уулу. Бир үйдүн эрке келини болдум десем болот.

Бардык эле келиндер жаңы келин болуп барганда бир аз кыйналат болушу керек. Мен дагы жаңы келин болуп барганда жаңы үй-бүлөмө көнө албай, кыйналып жүрдүм. Ошол эле убакта бир нерсени туура эмес кылып алуудан коркчумун. Жолдошумдун жардамы менен көнүп, элге аралашып кеттим», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле келиндик учурундагы кызыктуу окуяларды эскерди.

«Бир күнү кайын энем сиңдисиникине конокко кетти. Нан бышыруу үчүн камыр ачытуу керек болду. Жакшынакай кылып камырды ачытып, үстүн жылуулап жаап койдум. Бирок эмнегедир көп өтпөй кыжаалат болуп, жолдошума айттым. Ал болсо «мен дагы билбейм, кошуна келинден сурап көрчү» деп калды. Камыр ошол күнү ачыбай, 1 күн убакыт өткөндөн кийин сурагам. Медер болсо «Эмнелерди коштуң эле? Башынан айтып берчи» десе баарын айтып келе жатып, ачыткычты айткан жокмун. Көрсө ачыткыч салбай эле жууруп салган экенмин. Кайра эч кимге билгизбей коңшу келинге ачыттыргам. Ошентип мага камыр ачытууну коңшу келин үйрөткөн. Ошондон кийин дагы туура эмес кылып албайын деп коркуп калгам (күлүп). Ошол окуяны азыркыга чейин эстеп күлүп калам.

Жолдошум экөөбүз үйлөнгөндөн кийин 4 жыл дегенде балалуу болдук. Баланы ушунчалык күттүк. 4 жыл дегенде боюма бүттү. Ошол учурду сөз менен жеткирип бере албайм. Сүйүнгөнүбүздөн ыйлап жибергенбиз. Балалуу болгондогу энелик сезимди сүрөттөш кыйын. Өзүмдү эне катары сезип, апа кадырын ошондо билгем. Кайын атам 79 жашында жалгыз баласынан көргөн биринчи небереси болгондуктан өтө чоң майрам болгон. Үй-бүлөбүз менен сүйүнүп, көз жашыбыз аккан. Өзгөчө атам токтоно албай ыйлаганы эсемде. Көрсө небере деген таттуу болот экен. Эң өкүнүчтүүсү небересинин жакшылыктарын көрүүгө жетишпей, бул дүйнө менен коштошуп кетишти. Айрыкча атам балага жакын эле.

Жолдошум экөөбүз бактылуу үй-бүлөнү түптөдүк деп айта алам. Маңдайыбызда 2 уул, 2 кызыбыз бар. Биз дагы бактылуу карылыкка жетип, балдар-кыздардын жакшылыктарына жетишели деп ниет кылып отурабыз. Жолдошум айыл өкмөттүн башчысы. Мен үй кожойкесимин. Жолдошумдун жакасын агартып, жылуу маанай тартуулап, балдарыма колдон келген энелик тарбиямды берип келем», - деди Аида жеңе.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×