Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 19.06.2019 16:40

Кара-Бууранын Бакыян айылында жаштар арасында футбол боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 18-июнда Кара-Буура районунун Бакыян айылында жаштар арасында футбол мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга оюнчулардын бири Дамирбек Турсунбек уулу билдирди.

«Биз атайын айыл ичиндеги жаштар арасында футбол боюнча мелдеш өткөрдүк. Оюндун максаты — ортодогу ынтымакты чыңдоо. Оюнга 2001-жылы туулган инилерибизден баштап 30 жашка чейинки агаларыбыздын 10дон ашуун командасы катышты. Бул оюн жыл сайын уланып келет. Быйылкы оюнду 1993-жылы туулган агаларыбыз өткөрүп, кубокту 2001-жылы инилерибиз утту. Ал эми кийинки оюнду 1994-жылы туулган жигиттер өткөрүп алышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×