Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 21.06.2019 10:11

Айыл турмушу: 30 жыл мугалим болгон Токтокан апа катары менен 6 кыз төрөп, жетинчисинде уулдуу болгон (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Маймак айылынын 63 жаштагы тургуну Токтокан Кыркбаева
30 жылдан ашуун өмүрүн балдарга билим берүү менен өткөргөн. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 6 кыз, 1 уулдун энеси. «Баатыр эне» наамын 2010-жылы алган.

«Менин ата-энем Таластан. Бирок ачарчылык болуп жаткан мезгилде ата-энем Жалал-Абадга кетишиптир. Мен 1956-жылы Жалал-Абаддын Кербен айылында туулгам. Атамдан 3 жашымда, апамдан 9 жашымда ажырап калдым. Атамдын туугандары жалгыз туягыбыз бөлөк жерде калбасын деп мени Кара-Буура районунун Аманбаев айылына алып келишкен. Бул жактан мени акем, жеңемдер бакты. Мени чоңойтуп, жогорку окуу жайда окутушту. Мугалимдик кесипти үйрөнүп, англис тилчи мугалим болгом. 1981-жылы Кара-Буура районунун Маймак айылындагы мектепте англис тилчи мугалим болуп иштеп калгам.

Өмүрлүк жолдошумду дагы ушул айылдан кезиктирдим. Мектепте чогуу иштеген курбумдун күйөөсү менен дос экен. Отуруштарга чогуу барып таанышып калгам. Экөөбүздүн мамилебиз келишип, ошол эле жылдын 20-декабрында баш коштук. Жолдошум Шамбетке Маймактын эли «Англис тилчи мугалим алдың. Эми англис тилчи мугалимибиз бар болот экен» деп ыраазылыктарын билдиришкен.

Жакшы үй-бүлөгө туш болдум. Кайын энем, кайын атамдын колунда 13 жыл жашап, кийин кайын иним үйлөнгөндө бөлүнүп чыкканбыз. Кайын атам мени аябай жакшы көрчү. Кызматта иштеген киши эле. Мага дайыма «Келиним, жумушуңа жарым саат эрте бар. Апаң айта берет, сен мени ук. Эгер окуучуларыңды урушчу болсоң, кабинетиңе киргизип алып, эч кимге көрүнбөй уруш» деп көп айтчу. Ал эми апам менин 7 баламды тең өстүрдү. Мен жумуш менен эле алек болуп жүрдүм. Аларга абдан ыраазымын. Экөө тең карып, 84 жашында кайтыш болушту.

Мектепке жаңы киргенде окуучуларым аябай бейбаш эле. Тилимди такыр угушпайт. Анан орус тилинде көп сүйлөп, кыргыз тилинде такыр сүйлөшчү эмес. Мен орус тилин жакшы сүйлөй алчу эмесмин. Окуучуларым шылдыңдап, мен сүйлөсөм таң калып карап калышчу. Анан «балдар, мен силерге англис тилин үйрөтөм, силер мага орус тилин үйрөткүлө» деп ынтымакташып тил үйрөнгөнбүз (күлүп).

1982-жылы тун кызыбыз төрөлдү. Ошентип катары менен 6 кыздуу болдук. 1990-жылы алтынчы кызым боюмда бар кезинде кыргыздар менен өзбектердин ортосунда жаңжал чыгып, айылдагы өзбектер өз жерлерине көчө баштаган. Мектеп директору дагы өзбек жигит болчу. Ал Ташкентке көчүп кетип жатканда жолдошум экөөбүз узатып барабыз деп калдык. Ай-күнүм келип калгандыктан кайын энем жолдон төрөп коёсуң десе болбой поездге түшүп, директорду узатып бардык. Ташкентке жеткенде толгоом башталып, кызымды ошол жердеги төрөтканадан төрөгөм. Ооруканага кирерден мурун директорум «эгер эркек төрөсөң кайтып барып иштейм» деп калган. Мына сага деп кыз төрөп койдум. Дагы кыз төрөдүм деп жолдошумдан корктум. Кыз деп айта албай аябай кыйналгам. Ал болсо сыртта туруп алып, «Тоня, эч коркпо, мен сени мененмин» деп кыйкырып сүйүнгөн. Ошентип үйгө үчөө болуп келгенбиз. Кайын атам «Ташкенттен төрөлдү, атын Ташкентгүл» коём деп чыккан. Баарыбыз каршы болуп, Алина деген ысым ыйгарганбыз.

6 кыздан кийин 1995-жылы уулдуу болдук. Баарыбыз сүйүнгөнбүз. Азыр баары жогорку билимдүү, өз турмуштары менен. Жалгыз баламды эрте үйлөндүрүп, неберелүү болдум. Жолдошум мындан 4 жыл мурун каза болуп калды. Азыр өзүм уулумдун колундамын. Ата-энемден эрте ажырап, мээримин толук кандуу көрө албасам дагы кыздар, балдарыма энелик мээримимди көбүрөөк берсем дейм. Атасы болгондо жакшылыктарын чогуу көрүп, ысык чайларын ичип отурат элек», - деди ал.

Токтокан апа жакшы ырдагандыктан ар кандай иш-чараларда ырдап турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×