Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 10.07.2019 13:24

Жаш талант: Кара-бууралык балбан кыз Нурзат чет өлкөлөрдөгү мелдештерде ийгиликтерди жарата баштады (видео)

Turmush -  Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынын 17 жаштагы тургуну Нурзат Нуртаева эркин күрөш менен машыгып, ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, быйыл 10-класска барат.

«2017-жылдан баштап айылдагы залга бара баштагам. Башында ата-энем бир аз каршы болушкан. Залга мектептен чыкканда бекинип дагы барып жаттым. Кийин шыгымды көрүп колдошту. Эң биринчи машыктыруучум Раманкулов Улан агай болгон. Ал мени 2 жыл машыктырды. Учурдагы машыктыруучум — Рыскулов Үсөн агай.

Кыргыз Республикасынын чемпионатын быйыл 3-жолу уттум. 1 апта мурун эле Казакстандын Нур-Султан шаарында Азия чемпионатында коло медалды алып кайттым. Анда 69 кг салмакта күрөштүм. Менде ашыкча салмак боло элек. Өзүм 67 кг болуп жаттым. 69 кг чыгыш үчүн күчтүү тамактарды жедим. Мени менен чемпионатка барган 2 кыз салмак кармаш керек болуп, жалаң шорпо ичип, камыр тамакка жолошкон жок», - деди ал.

Балбан кыз үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×