Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 11.07.2019 14:56 На русском

Кош бойлуу келиндин ооруканадагы өлүмү: Айнура айымдын акыркы мүнөттөрү. Сүрөт

Turmush -  Июнь айынын башында Кара-Буура районундагы төрөтканада 27 жаштагы кош бойлуу келин каза болгон. Аймактык кабарчы келиндин жакындарынан жана дарыгерлерден аталган окуянын чоо-жайын тактады.

Апасы Гүлжан Алманбетова: Биз жолдошум Арстанбек экөөбүз 1980-жылы баш кошконбуз. Өзүбүз Талас шаарында жашайбыз. Ортобузда 4 балабыз бар. Каза болгон кызым Айнура кичүү кызыбыз. Былтыр сентябрь айында кызыбызды сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка узатканбыз. Кызыбыз Кара-Буура районунун Чолпонбай айылына келин болуп барган. Кызыбыз көзүнүн көрүүсүнө байланыштуу көз айнек тагынып жүрчү.

Айнура турмушка чыккандан 1 жумадан кийин эле күйөө балам экөө «Бишкек шаарына барып иштейбиз» деп кетишкен. Арадан көп убакыт өтпөй кызым экөөбүз Бишкектен жолукканбыз. Ал ошондо мага «боюма бүтүп калыптыр» деп сүйүнчүлөгөн. Күйөө балам кызымдын ичиндеги түйүлдүк 33 жума болгонго чейин Бишкек шаарындагы ооруканага каттоого тургузган. Бирок 27-апрелде кызым менен телефондон сүйлөшкөндө, «Биротоло айылга кетип жатабыз, жер алабыз. Кайын энем дагы жалгыз» деп айткан. Ошентип алар айылга келишет. Айылга келгенде кайын энеси кызымды ээрчитип барып, айылындагы ооруканага каттоого тургузуп келет. Кызым убагы менен 1 күн да өткөрбөй анализдерин тапшырып турчу экен. Буга чейин «ден соолугум жакшы» деп эле айтып келчү.

Ошентип 18-майда телефон аркылуу сүйлөштүк. Анда дагы «Өзүмдү жакшы эле сезип жүрөм, буйруса жакшыбыз» деген. Андан кийин 23-май күнү атайын видео чалуу менен сүйлөштүм. Ошондо мен «кызым, ичиңди көрсөтчү, деги көрө элекмин» деп курсагын көргөм. Ал сүйүнүп, «мына апа» деп телефондон ичин көрсөткөн. Мен дагы сүйүнүп, кобурашып сүйлөшүп, телефонду өчүргөнбүз. Андан соң 29-май күнү байланышкам. Бирок мен базарда болгонума байланыштуу жакшы сүйлөшө албай, бат эле өчүргөнбүз. Ошондо мага «апа, силерди сагындым, үйгө барам» деп калды. Мен Бишкек шаарында болчумун. 2-июнь күнү Таласка келгем. Ошол 2-июнь күнү келиним менен абдан жакшы сүйлөшүптүр. Бирок мени менен байланышкан эмес. Мен 3-июнь күнү абысыныма барып, «кызым төрөсө өзүм каралашайын деп кудагыйым менен акылдашсам кандай болот?» деп кеңеш сурадым. Ошол күнү эртең менен ошол жерден күйөө балам «Айнура комага түшүп калды» деп телефон чалды. Үйдө мен, келиним, уулум үчөөбүз бар элек. Эч нерсе оюбузга келбей, бат эле жолго чыктык.

Саат 11:45 дегенде Кара-Буура районунун төрөтканасына жетип бардык. Күйөө балам бизди «оорукананын сыртынан тосуп алам» деген болчу, эмнегедир тосуп чыккан жок. Биз сураштырып таап бардык. Кирип бара жатканда оорукананын сыртында бирөө онтоп жаткан. Мен маани деле берген эмесмин. Бир убакта эле балам «апа, Нурсултан го» (күйөө баласы, каза болгон Айнуранын күйөөсү) деп чуркап кетти. Мен да жетип бардым. Аңгыча эле бирөө келип, бир чака сууну үстүнө чачып жиберди. Мен «Айнура кана?» десем «Айнура, Айнура...» деп эч нерсе айта албай койду. Ошентип сыртта жарым саат эч нерсени түшүнбөй, ызы-чуу болуп туруп калдык. Өзүм орозо болчумун.

Бир убакта бир медайым келип, «суу ичип алыңыз» деп калды. Орозомун десем «акыры ачасыз да, оозуңузду ачып, суу ичип, өзүңүзгө келиңиз» деп калды. Мен оозумду ачып, суу ичип отуруп калдым. Суу ичип бүткөндөн кийин медайым «жүрүңүз врачка» деп дарыгерге алып кирди. Кабинетинен мени реанимациянын С.Т. деген дарыгери тосуп алды. Ал кирип барганда эле «Эже, негизи адам баласы 2 нерседен мүрт кетет экен. Сиздин кызыңыздын жүрөгү турган жерден токтоп калган. Биз сактап кала алган жокпуз. Кызыңыз каза болду» деп угузду. Менин ошондогу абалымды сөз менен айта албайм. Эс-учумду жоготуп койдум. Ызы-чуу болуп эле жатып калдык. Мени сыртка алып чыгып отургузуп коюшту. Ошондо бир медайым мага чай алып келип берип, «Кол коюп бериңиз, «жүрөк, боорлорун алып коёт» деп коркуп жатасызбы? Ишенбесеңиз союп жатканда карап турасыз» деп айтты. Элестетсеңиз, мен кызымды союп жатканда карап турганымды (көзүнө жаш алып).

Кызымды жууп жатканда жанынан чыкпай карап отурдум. Оң жак капталы көгөрүп, колунан кан агып жатыптыр. Туура эмес укол сайганбы же ысык укол сайганбы билбейм. Ыйлап-сыктап, кызымды кайын журтуна алып келип, жайына бердик. Мен «кызымды жоготтум» деп өксүсөм, кудагыйым «келиним менен неберемден айрылдым» деп өксүйт. Мен эч качан кызымды кайрып ала албайм. Жапжаш, чырактай кезинде бизди таштап кете берди. Эмне үчүн кетти? Дарыгерлердин шалаакылыгынан, кайдыгер мамилесинен улам кызым кайтыш болду. Жакында кызымдын кыркын өткөрдүк. Арыз жазчу жерлерге арыздарыбызды жаздык. Мендей энелердин жүрөктөрү ыйлабасын.

Кызымды жайына бергенден кийин күйөө баламды атайын үйгө чакыртып, «болгонун болгондой айтып берчи» дедим. Көрсө 9-май күнү кызымдын ичи ооругандыктан кудагыйым кызымды ээрчитип, Кара-Буура районунун төрөтканасына алып келет. Майрам күнү дарыгер жок болгондуктан медайым «дарыгер келгенче» деп жаткырып коёт. Кудагыйым жаткырып, өзү кетип калат. Эртеси С. деген дарыгер айым келип, медайымга «Бул келинди эмне үчүн жаткырып койгонсуң? Чыгар» деп кыйкырат. Медайымга кыйкырып жатканда кызымдын кайын эжеси чыгып барат. Кайын эжеси ошол жерде санитарка болуп иштейт экен. Кайын эжесине «Келиниңер жумуштан качып эле келген. Уктап, уйкусун кандырып алды. Алып кеткиле» деп бакырат. Кайын эжеси кызымды үйгө алып кетет. Кызым үйгө барганда улуу кызым Аидага телефон чалып, «Эже, мени кайын эжемдин көзүнчө урушту, кемсинтип сүйлөдү. Азыркы дарыгерлер түрүбүзгө карап мамиле жасап калганбы? Мени карап да койгон жок. Оорумду текшергендин ордуна кайын эжемдин көзүнчө уят кылды» деп ыйлаптыр. Кайра эле эжесинен кийин атасына чалып, «Ата, үстүнөн арыз жазайынбы?» деп сурайт. Атасы «Кызым, эртең эле ошолордун колуна барып төрөйсүң. Тим эле кой, уят го» деп коёт. «Андан көрө Таласка кел» деп чакырыптыр. Кийин өзүн жакшы сезип калат. Бирок маал-малы менен анализдерин тапшырып турчу экен. Анализдери дагы жакшы деген жыйынтык менен чыгып турчу.

3-июнь күнү кызымдын ичи ооруп, ФАПка күйөө балам экөө барат. Ал жерден кызым менен күйөө балама бир медайымды кошуп беришип, үчөө Кара-Буура районунун ооруканасына келишет. Ал жерден УЗИге түшөт, жакшы деп жыйынтык чыгат. Ошол ооруканадан кызымды 3 саат жөн эле коридордо сүйрөп жүргөн. Анализ тапшырайын деп анализ тапшырат. Бирок ошол жерде иштеген медайымдар анализдин жыйынтыгын чыгарып бербей отуруп алыптыр. Качан гана кызым кыйналып баштаганда күйөө балам кыйкырып эшикти ачат. Ошондо бирөө чыгып, «кечирип койчу, азыр 20 мүнөттүн ичинде чыгарып беребиз» дептир. Ошол жерден кызым чыдабай кыйналып баштаптыр. Күйөө балам кызымды үстүңкү кабатка көтөрүп чыгарат. Кызымды дарыгерлер кандайдыр бир аппарат менен текшерет. Ошол маалда күйөө баламды «дары алып кел» деп жиберип, ал алып келип берген. Бир убакта эле бир медайым чуркап келип, дарыканадан дары алып кетет да, күйөө балама «акчасын төлөп» кой деп айтыптыр. Күйөө балам жакшы болуп кетсин деп, болгон аракетин көрүп, дары десе дарысын, акча десе акчасын төлөп жүрөт. Кызымды киргизгенде аппарат чыйкылдап иштеп жаткан экен. Бирок күйөө баламды түртүп сыртка чыгарып жиберишиптир. Ошондо угузса керек. Күйөө баламдын өңү бопбоз болуп, сырттан кулап, онтоп жатып калат. Ошол маалда биз келип калыптырбыз. Күйөө баламдын колундагы кагаздарды медайымдар алып коюптур.

Эми суроо жаралат. Эмне үчүн 3 саат жөн эле кызымды кыйнап, ары-бери сүйрөп жүрүштү? Ошол маалда эле аракет көрсө болот эле. Эгер ичин дароо эле жарып салганда неберем дагы, кызым дагы аман калмак. Кызымдын кандай гана тилектери бар эле. Ошол тилектерине жетпеди.

Каза болгон Айнуранын жолдошу Кадырбек уулу Нурсултан: Жубайым Айнура экөөбүздүн жашыбыз тең. 2018-жылдын сентябрь айында баш кошконбуз. Азыр мен өзүмө келе албай жатам, мени кырсык басты. Үй-бүлөмдү жоготуп отурам. Келинчегим Айнура кош бойлуу болчу. Ичтеги түйүлдүк 36 жума болгондо Кара-Буура районундагы төрөт бөлүмүнө көрүнгөнү апам ээрчитип барат. Ошол күнү дарыгер жок болгондуктан келинчегимди нөөмөттө турган медайым кабыл алып, 1 күнгө сактануу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок дарыгер эртеси, 10-майда жубайымды жумуштан качып, эс алып уктагысы келген деп аброюна шек келтирген. Дарыгер «биздин ооруканада жатынды текшере турган дарыгер жок, Таласка барып текшерил» деп коюптур. Ошол учурда келинчегим «кечээ эле медайым жатынымды текшерип, «жакшы эле» деп айткан десе», ал дарыгер «бизде текшерген дарыгер бар бекен?» деп таң калып койгон экен. Ошол күнү үйгө келип, мага ыйлап айтып берген.

Андан кийин 3-июнь күнү эртең менен саат 7:45 чамасында Чолпонбай айылындагы медпунтка келинчегим экөөбүз бардык. Ошол учурда курсактагы бала 38-39 жума болчу. Бизди Р. деген медайым кабыл алып текшерип, М.А. деген медайымды кошуп берип, «Кара-Буура районунун төрөт бөлүмүндөгү УЗИге түшүп келгиле» деди. Райондун ооруканасынан М.А. УЗИге деп ээрчитип кетти. УЗИге түшүп, ал жерден ичиндеги баласы жакшы эле дешти. Кан басымын текшерүү үчүн оорукананын 2-кабатына ээрчитип барып, кан басымын текшерип, «акыбалы жакшы» деп айтты. Келинчегим кыйналып жатканын айтсам «анализге кан менен заарасын тапшырабыз» деди. Ал жерде кезекте көбүрөөк туруп калдык.

Келинчегим кыйналып кеткендиктен өзүм кирип барып, уруксат алып, анализдерин тапшырып жатканда кусуп жиберди. Биз менен барган медайым «анализдери жарым саатта чыгат» деди. Жарым саат өткөн соң кайра барсам анализдерди чыгарбай эле отурушуптур. Мен кыйкыргандан кийин дагы 20 мүнөт убакыт суранды. Кайра 20 мүнөттөн кийин барсам анализди дайындашып, жакшы деп айткан. Ошол учурда медайым М.А. менен келинчегим калган. Чуркап жанына барсам медайым М.А. ал жерде жок экен. Келинчегим кыйналып, жалгыз отуруптур. Эжеге чалсам, «кайра УЗИге баргыла» деп айтты. Экөөбүз бара жатканда Айнура кулап калды. Мен кыйкырып жибергенде дарыгерлер чыга калышты. Бейтаптарды салып ташый турган керебети жок экен. Көтөрүп бара жатканда дем алып жаткан. Реанимациянын кире беришине жеткенде бош керебетке салдым. Шыр эле реанимация бөлүмүнө кирдик. Башкы дарыгер жок деп калып, жүрөктү соктурчу аппараттын жардамы менен урдурганда жүрөгү сокту. Аппараттын үнү тыйкылдап калганда мени сыртка түртүп чыгарып салышты. 1 сааттан кийин алар колумдан жубайымдын шаардан текшерилгени боюнча бардык кагаздарды, анализдерин алып койду. Анан мага угузушту. Мен эсимди жоготуп, өзүмө келген соң карточка, анализдерди сурасам бербей, бири-бирине шылтап, «медайым М.А. алып кетти» дешти. Мен М.А.га улам-улам чалсам албай, өчүрүп салды.

Медайым М.А.: Мен 29 жылдан бери мээрман айым болуп иштеп келе жатам. Маркум келин бизге 25-апрелде келип, каттоого турган. Убагынан кечикпей келип, көрүнүп кетчү. Бизге 15-майда жана 3-июнь күнү келмек. Акыркы 3-июнь күнү келгенде биздин дарыгерге текшерилди. Кан басымы 107 болуп келген, заматта 125ке көтөрүлүп кетти. Ошол жерден дарыгер районго мени кошуп, УЗИге жиберди. Жолдо жакшы эле бардык. Дарыгер бизди координаторго УЗИге түшүп келүүгө жиберген. Ал жерден кезексиз кирип, УЗИге көрүнүп, гинеколог дарыгерге жолуктук. «Толгооң жокпу?» десем «жок» деди. «Эч жериң ооруган жокпу?» десем дагы «жок» деген. Эгер ошол жерден эле бир нерсе байкаган болсо бизди облустук ооруканага жибермек.

Билбейм, бир заматта ушундай иш болуп кетти. Колубуздан келген жардамды көрсөттүк. Бирок сактап кала албадык, ажал экен. Жакындары бизди күнөөлүү деп жатышат. Бирок аракетибизден майнап чыккан жок. Ошол жерде келиндин жанында болгондуктан чоочуп калыптырмын. Коркконумдан оозума учук чыгып, эмне кыларымды билбейм калдым. Кыйын эле болду. 29 жылдан бери мындай окуяга биринчи жолу күбө болуп жатам.

Ал эми райондук оорукананын гинеколог дарыгери менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×