Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.07.2019 17:01

Эл ичи — өнөр кенчи: А.Жетимишов окуучу кезинен бери эле жеңил атлетикада ийгиликтерди жаратып келе жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 23 жаштагы тургуну Адилет Жетимишов жеңил атлетика боюнча мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратып келет. Аймактык кабарчы спортчудан кабар алды.

Анын айтымында, бала кезинен бери эле спортко кызыгат.

«9-класста окуп жаткан кезимде окуучулар арасында чуркоо боюнча мелдеш өтүп, мен биринчилерден болуп келгем. Мектептеги агайлардын бири мени ошол жерден байкап калса керек, эртеси мени өзүнө чакырып: «Сени мектептер арасында өтө турган жеңил атлетика боюнча мелдешке катыштырууну ойлонуп жатам. Кандай дейсиң?» деди. Мен ошол күндөн тарта агайымдын айтканы боюнча машыгып жүрдүм. Кийинчерээк мектептер арасындагы мелдештерде, бара-бара райондор аралык мелдештерде алдыңкы орундарды ала баштадым. Анан облустук мелдештерге чыгып, кийин республикалык мелдешке катыштым. Бишкектеги, Караколдогу таймаштарда ийгиликтерге жетишип жүрдүм», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле спортто эсинде калган окуяны эскерди.

«2014-жылы республикалык спартакиада болуп, Каракол шаарынын 145 жылдыгына арналган жеңил атлетика боюнча мелдешке Талас облусунан атынан барганбыз. Командабызга «Талас» деген жазуусу бар футболка тараткан болчу. Футболка азыраак болуп, спортчулардан жалгыз мага тийген. Ошол кездеги чогуу жүргөн дос балдар «сатып деле алам, мага берчи» деп сурашкан. Бирок сатпай койгон болчумун. 4 күн жүрүп, үйгө келгенде футболканы карасам баштыгымда жок экен. Көрсө дос балам алып калыптыр», - деди ал.

Жөө күлүк жигит үй-бүлөдө 4 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×