Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 13.07.2019 18:00

Айыл турмушу: Абдылда уулу Медияр бала кезиндеги кыялын ишке ашырып, көк бөрүдө жеңиштерге жетишип жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылынын 25 жаштагы тургуну Абдылда уулу Медияр бала кезиндеги кыялын ишке ашырып, көк бөрүдө ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы улакчы менен таанышты.

Анын айтымында, улак тартышка 8-классынан бери кызыгат.

«Айылдагы улак ойногон балдарды көрүп, мен дагы ойнойм деген ой пайда болгон. Тилекке каршы үйдөгүлөр каршы болуп коюшкан. Азыр деле каршы болуп турушат. Көк бөрүнү акыл менен ойнош керек деп ойлойм. Кооптуу оюн болгондуктан ар кандай кырсыктар болуп кетиши мүмкүн. Ошондуктан үйдөгүлөр коркуп, ойноткусу келбейт.

Оюн талаасында чабуулчумун. Көк бөрү менен Бишкекке чейин барып келдим. Быйылкы Ноорузда барып, оюнга катыштым. 2018-жылы Чүй менен Таластын мелдешине барып, мыкты оюн көрсөтүп, 2-орунга ээ болуп келдим. Айыл ичинде дагы ойноп турабыз. Айылдар ортосунда шеринелер өткөрүлүп турат. Райондор арасында дагы ийгиликтүү орундарга илингенбиз. Бош убактымда айыл ичинде футбол ойнойм. Спорт менен алектенип, залга барып турам», - деди ал.

Улакчы жигит үй-бүлөдө 5 бир туугандын төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×